Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуКемин району 29.03.2019 13:50

«Жеңеке»: Гүлнара аяшынын классташын көргөндө кыялындагы жигитти тапканына сүйүнгөн

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылынын 31 жаштагы тургуну Гүлнара Ибрагимова классташ кызынын үйүнө барып, анын жолдошунун классташын жакшы көрүп калган. Ал кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Каарманыбыз учурда мугалимдик кесипти аркалап, коомдук иштерге активдүү катышып келет.

«2011-жылы Жаңы-Алыш айылына келин болуп келдим. Жолдошум экөөбүздүн бирге түтүн булатып, бактылуу үй-бүлөнү түптөп келе жатканыбызга быйыл 8 жыл болот. Биз бири-бирибизди мектеп жашыбыздан бери билебиз. Бирок кыз-жигит болуп сүйлөшчү эмеспиз. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө студенттердин майрамы болуп, жатаканадагы бирге жашаган кыздар туугандарынын үйүнө кетип, мен жалгыз калгам. Мага бир классташ кызым телефон чалып, «жолугалы, майрам күнү сүйлөшүп отуралы» деп калды. Ал мектепти аяктаганда эле коңшу айылдагы жигитке турмушка чыгып, үй-бүлө куруп жашап жаткан. Ошентип, классташ кызым, анын жолдошу болуп Бишкекти кыдырып, мектеп курактагы жоруктарыбызды айтып түгөтө албай кеч кирип кетти. Алар үйгө барып, чакан майрамдык дасторкон жаялы деп калышты. Ошентип дасторкон жайып отурсак курбумдун жолдошу өзүнүн классташын чакырып калды. Ошондо баягы айылдан көрүп, бир мектепте окуп жүргөн бала менен жакындан таанышып калдым. Мурда эмнеге мындай сүйүү болгон эместигин билбейм. Экөөбүз ошол жерден эле бири-бирибизди жакшы көрүп калдык. Ошентип бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Ал кезде окуумду аяктап калгам. Классташ кызымдай болуп мен дагы коңшу айылга келин болдум.

Жолдошумдун мүнөзү абдан оор басырыктуу, токтоо, жоопкерчиликтүү, эң башкысы эмгекчил. Мен ойлогон, кыялданган мырза деп эсептейм», - деди ал.

Гүлнара Ибрагимова 1988-жылы Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында төрөлгөн.

«Мектеп жашыма жетип калганда Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылына көчүп келгенбиз. Ак-Бекет орто мектебине 1994-жылы кирип, аны 2006-жылы аяктагам. 2006-жылдан баштап 2011-жылдарга чейин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, аны артыкчылык диплом менен аяктагам. 2012-жылы Т.Абдумомунов атындагы Жаңы-Алыш орто мектебинде эмгек жолумду баштагам. Университетте окуп жүргөндө мактоо баракчаларды алып, жакшы ийгиликтерге жетишкендигим үчүн өзүм окуган мектепке окуу жайдын атынан ыраазычылык кат жөнөтүлгөн. Мектептин, айыл өкмөттүн мактоо баракчалары менен да сыйланып жүрөм.

Эмгек жамаат менен иштөө мен үчүн оор болгон жок. Жаңы мугалим болуп иштеп баштаганда насаатчым жардам берип, тез эле көнүп кеттим. Өзгөчөлүгүм — дайыма изденүүнүн үстүндө жүрүү менен окуучуларга талыкпай билим берип келем. Мен мектеп жамааты менен жана мугалим болгонума сыймыктанам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×