Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 29.03.2019 13:20

Адистердин кеңеши: Таштандыны өрттөп жатканда кандай эрежелерди сактоо керек?

Turmush -  Жаз айларынын келиши менен баардыгыбыз чогулган акыр-чикирлерди тазалап, өрттөп баштайбыз. Бул учурда да өрт чыгып кетиши мүмкүн. Мындайда кандай эрежелерди сактоо керек? Бул суроого Ат-Башы райондук ӨКБнын башчысы, подполковник Нарынбек Мамбеталы уулу жооп берди.

- Эң жөнөкөй болгон өрт коопсуздук эрежелерин эсиңиздерден чыгарбасаңыздар өрт кырсыгынан алыс болосуздар. Алар төмөнкүлөр:

- күйүп жаткан ширеңке же тамеки калдыктарын өчүрбөй туруп ыргытпаңыз;

- отту топурак катмарына чейин тазаланган аянтчада гана жагыңыз;

- өрт чыга турган кооптуу жайларга чогултулган таштандыларды өрттөбөңүз;

- өрттөнүп жаткан таштандыларды кароосуз калтырбаңыз, ал чоң өрткө айланышы мүмкүн;

- таштандыны өрттөп бүткөн соң, отту суу менен өчүрүңүз же отту толук бойдон өчкөнгө чейин топурак менен көмүп салыңыз;

- айнек идиштерди жана айнектин сыныктарын калтырбаңыз. Күндүн нурларын чогултуп, ал өрт чыгуучу булакка айланышы мүмкүн;

- жаңы башталган өрттү суу, жалбырактуу бактардын бутактары менен же топурак чачып өчүрүңүз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×