Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуПанфилов району 28.03.2019 08:01 На русском

«Унаа менен сүзүп, арыкка ыргытып кетишкен»: Майыпка айланган чачтарач — Н.Камчыбеков

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Күрпүлдөк айылынын 39 жаштагы тургуну Нурлан Камчыбеков 2016-жылы жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жеткирилген.

Өзүнүн айтымында, түн ичинде сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу Нурланды арыктын ичине ыргытып, андан соң изин жашырган. Таӊга маал аны уй кайтаргандар таап алышкан. Ал эми айдоочу жана анын жанындагылар ушул мезгилге чейин изделип, табылбай келет.

Аталган кырсыктан майып болуп калган жабырлануучу учурда жардамга муктаж.

«2016-жылы жол кырсыгына кабылдым. Түн ичинде ак түстөгү автоунаа коюп кетип, ичиндегилер жардам берүүнүн ордуна мени арыкты көздөй ыргытып кетишкен. Эртеӊ менен уй жайгандар көрүп калышып, тез жардам чакыртышкан экен. Анда мен ооруканага оор абалда баргам. Кан басымым түшүп калган экен. Тактап айтканда өлүм алдында жатып, 2 ай кыйналдым. Кудайым колдоп, бир аздан жакшы болуп, бир жыл төшөктө жаттым. Экинчи жылы майыптардын арабасына отурдум. Эми быйыл кудайга шүгүр, таяк менен басып калдым.

Биз бул окуя боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө, прокуратурага, Башкы прокуратурага чейин жазганбыз. Бирок эч кандай тыянак чыккан эмес. Кылмышка шектүүлөр видеого түшүп калган экен. Аны да өзүбүз таап, тергөөчүлөргө алып барып бергенбиз. Алар болсо бизде аппарат жок, аны жакындатып көрө албайбыз дешти. Айтор бир нерсеси туура келбейт экен. Унаанын номуру да көрүнбөйт деген жүйөө менен ал видео боюнча эч чара колдонулган эмес. Биз видеокамерадан көргөндө үч бала жүргөн. Өзүбүз дагы тааныштарыбызга алып барып, атайын аппаратка салып, чоӊойтуп көрө албай койдук. Ошентип кайрылбаган жерибиз калган жок. Биздин ишти караган биринчи тергөөчү эч кандай чара колдонбой койсо, анын ордуна келген экинчи тергөөчү бизден акча үмүт кылгансыды», - деди ал.

Нурлан Камчыбеков кырсыкка чейин чачтарач болуп иштечү.

«Учурда бутума атайын темир коюшкан. Ал темирдин алынары белгисиз. Кайра операция болушу же болбошу да белгисиз. Ал эми сынган жамбашыма операция кылышат. Кырсык болгон убакта айыл өкмөттөн 5 миӊ сом берип, жардам кылышкан. Учурда жашообуз өтө татаалдашып кетти. Бутума салынган темир жанымды жеп жатканы бир көйгөй, жубайым экөөбүздүн үйдө жумушсуз отурганыбыз бир көйгөй болуп кыйналдык. Дарылануу дагы кымбат. Дарыланууга бери дегенде 30 миӊ сом керек. Кырсыкка чейин мен чачтарач болуп эмгектенчүмүн.

Ден соолугуӊ барда анын баркын сезбейт экенсиӊ. Баарыбыз пендебиз да. Качан ушундай абалга түшкөндө ден соолук канчалык баалуу экенин жон териӊ менен сезет экенсиӊ. Мен кудайымдан башка адамдардын башына мындай кырсык түшпөсүн деп тилейт элем», - деди ал.

1980-жылы Күрпүлдөк айылында төрөлгөн Нурлан Камчыбеков менен жубайы экөөнүн 1,5 жаштагы уулу бар.

Нурланга жардам берүүнү каалагандар 0707 556 260 номуруна чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×