Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 27.03.2019 20:18 На русском

Ысык-аталык жаш үй-бүлөдө 3 эм төрөлдү

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеӊ-Булуӊ айылында жашаган Абду-Расул Умаров жана Азиза Улубкасымованын үй-бүлөсүндө 3 эм жарыкка келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Азиза Улубкасымованын айтымында, 3 эмдин бири кыз болсо, экөө эркек бала.

«20-март күнү 3 эм төрөлдү. Биринчи ымыркайдын салмагы 2,2 кг, ага Абдул-Латиф деген ат койдук. Экинчиси кыз болуп, ал 1,6 кг салмакта төрөлдү. Ага Амира ысымын ыйгардык. Үчүнчүсү 2,1 кг салмакта төрөлүп, Абдул-Азиз деп атадык. Учурда балдарыбыздын абалы жакшы. Эч көйгөйү жок төрөлүштү. Азыр ооруканадабыз», - деди ал.

Азиза жолдошу менен 2017-жылы баш кошкон. 3 эм жаш жубайлардын алгачкы наристелери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×