Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусу, Кара-Балта 27.03.2019 17:30 На русском

Кара-Балтада жол кырсыкка кабылган айдоочу — ишкер мерт кетти. Сүрөт

Turmush -  27-мартта Кара-Балта шаарында жол-транспорт кырсыгынан «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каза болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, болжол менен саат 16:30да нефтебазанын жанында жол тандабас менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бет маңдай кагышкан. «Тойота» унаасы карама-каршы тилкеге чыккан.

Тез жардам кызматынын фельдшеринин айтымында, айдоочу алар жеткенге чейин эле каза болуп калган. Айрым маалыматтарга караганда, 1970-жылы туулган маркум жергиликтүү ишкер болгон.

Учурда кырсык болгон жерде Чүй облусунун ЖКККБсынын кызматкерлери жүрүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×