Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 27.03.2019 14:22 На русском

Айыл турмушу: Кулагы укпай, 2-топтогу майыпка айланган самбочу Сауд Арабиядан коло тагынды

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын 29 жаштагы тургуну Каналбек уулу Ильгиз Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарына жакын жерде чөлдө өткөн «Көчмөндөр ааламы» эл аралык этнофестивалына катышты. Ошондой эле этнофестивалдын алкагында өткөн самбо боюнча турнирде күчүн сынап, 3-орунду камсыздады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ильгиз Ыйык Каабага барып сыйынып, зыярат кылганын да айтып берди.

«Бардыгы жогорку деңгээлде уюштурулду. Балбандар бир гана абсолюттук салмакта күч сынашты. Дүйнө чемпиондору жана самбо дүйнөсүндө атак-даңктуу болгон балбандар келишти. Мен 1-айлампада Шри-Ланкадан, 2-айлампада Аргентинадан келген балбандарды уттум. Жарым финалда өзбекстандык балбанга жеңилип калдым. Ошону менен 3-орунду камсыз кылдым. Мелдеш бүткөндөн кийин уюштуруучулар жана агайлардын уруксаты менен Меккеге сапар тарттым. Ушул сапарым эч качан эсимден кетпейт десем болот. Аны сөз менен айтып жеткириш мүмкүн эмес. Ыйык Каабаны айланып, зыярат кылып, мусулманчылык парзыбызды аткарып келдик. Насип болуп барып, зыярат кылганыма аябай толкунданып сүйүндүм», - деди ал.

Ильгиз спортко 7 жашынан келип, жалпысынан 90дон ашуун медаль, кубоктун ээси болду.

«Спорт менен 7 жашымдан бери алектенип келем жана самбо, дзюдо түрлөрү менен машыгам. Спортко атамдын бир тууган иниси, кыргыз күрөш боюнча спорт чебери Шербек агамды жана дзюдо менен машыгып жүргөн таекемдерди көрүп, мен да кызыгып калгам.

7 жашымдан бери жалпы канча мелдешке чыкканым эсимде жок. Анын баарын эсептеп чыгыш керек. Анткени мелдештер көп болду. Жалпысынан 90го жакын медаль, кубокторум бар. Анын ичинен 20дан ашыгы 1-орундар», - деди ал.

Спортчу учурда сурдлимпиадага (кулагы укпагандардын турнири) даярдык көрүп, тынбай машыгып жатат.

«Келечекке максаттар көп. Эң башкысы ушул жылы болуучу Азия оюндарында жана 2020-жылы дүйнө чемпионатында, 2021-жылы сурдлимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, гимнди ойнотсом деген максат менен талыкпай машыгып жатам. Ошону менен бирге окуучуларымдан дүйнө жана Азия чемпиондорун чыгарсам деп максат кылып жүрөм.

Спорттун аркасы менен көп эле мамлекеттерде болдум. Мисалы, Греция, Корея, Россия, Украина, Тайвань, Кытай, Казакстан жана башка.

Жалпы канча окуучуну машыктырганым так эсимде жок. Ал эми машыктыруучу болуп келе жатканыма 8-9 жылдай болуп калды. Жалпысынан 200гө жакын ар курактагы окуучуларым бар», - деди ал.

Каналбек уулу Ильгиз 1990-жылы 2-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында төрөлгөн.

«Балалыгым Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында өттү. Үй-бүлөлүүмүн, келинчегим Гүлгайша экөөбүздүн 5 айлык Айтунук аттуу кызыбыз бар. Атам Каналбек, апам Жийдекан жеке ишкерлер. Ата-энем мени дайыма колдоп, таяп келишет», - деди ал.

Каналбек уулу Ильгиз менингит болуп ооруп, кулагы укпай калган. Учурда 2-топтогу майып.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×