Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуМосква району 27.03.2019 09:51 На русском

17 жаштагы Назми — Москва районундагы эң сулуу кыз (сүрөт, видео)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда «Сулуу айым-2019» сынагы өттү. Аталган сынак Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата уюштурулуп, айымдардын коомдогу ролун, талантын жана жөндөмдүүлүгүн аныктоого багытталган. Бул тууралуу Беловодск айылынын тургуну — уюштуруучулардын бири Дамил Юсупов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, сынакка 14 жаштан 28 жашка чейинки кыздар катышкан. Бул жылы 11 кыз өз өнөрлөрүн тартуулашты.

«Катышуучулар саламдашуу, ХХI кылымдын стили, бий, кыргыздын улуттук кийими жана кече көйнөгү боюнча күч сынашты. Калыстар тобунун курамына кесипкөй жана белгилүү инсандар чакырылган. Алардын чечими менен 17 жаштагы Иманалиева Назми Исакуновна райондук "Сулуу айым-2019" сынагынын баш байгесин жеңип, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды. Ал эми "1-вице сулуу айым-2019" наамына 17 жаштагы Селисова Анастасия Михайловна, "2-вице сулуу айым-2019" наамына 17 жаштагы Кулханова Карлыгаш Нурлановна татыктуу болушту. Калган катышуучуларга да түрдүү наамдар ыйгарылды», - деди Дамил Юсупов.

Сынакты жеңип алган Назми Беловодск айылындагы №3 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу. Келечекте актриса болуп, тасмаларга тартылууну каалайт.

Жыл сайын өтүүчү иш-чарага «Сулуу айым-2018» сынагынын жеңүүчүсү Айжан Тыныбекова дагы катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×