Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусу, Токмок 27.03.2019 08:19

Токмокто кароолчуну сабап, менчик ишкананы тоногондор кармалды (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарында кароолчуга күч колдонуп, ишканадан акча жана эмеректерди уурдап кетишкен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын январь айында азиат түспөлүндөгү белгисиз 3 адам Токмоктогу жеке менчик ишкананын короосуна кирип, 20 жаштагы Б.Ж. аттуу кароолчуну сабашып, менчик ишканага тиешелүү эмеректерди жана акча каражаттарын уурдап кетишкен. Учурда келтирилген чыгым такталууда.

Аталган факты КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө тобунун иш-аракеттеринин негизинде, мурда соттолгон 34 жаштагы Р.М. колго түшүрүлгөн. Кийин иликтөөнүн алкагында кылмышка шектүү экинчи адам — Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну кармалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×