Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусу, Токмок 26.03.2019 17:24 На русском

Нарындык жигит Токмоктогу дарыкананы тоноого шектелип кармалды

Turmush -  Токмок ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дарыкананы тоноого шектелген жигитти колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, ушул жылдын март айында Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө тоноочулук фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, милиция кызматкерлери 12-мартта саат 21:30 чамасында азиат түспөлүндөгү белгисиз адам шаардагы дарыканалардын бирине кирип, 50 жаштагы Н.Б.га карата физикалык күч колдонуп, кассадагы 25 миң сомдон ашык каражатты алып, андан соң изин жашырып качып кеткендигин аныкташкан.

Аталган факт Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

26-мартта Токмок ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери аталган кылмышка К.З. аттуу шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. 33 жаштагы шектүү Нарын облусунан болот жана мурда соттолгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×