Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуАламүдүн району 25.03.2019 16:56 На русском

Аламүдүндө унаа уурдоого шектелип 25 жаштагы бишкектик тургун кармалды. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан автоунааны уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу 25-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 22-мартта болжол менен саат 01:20 чамасында Аламүдүн РИИБге жабырлануучу арыз менен кайрылган. Ал арызында короосуна кирип, «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү суранган. Аталган факт Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аламүдүн РИИБдин тиешелүү кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чаранын натыйжасында, кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×