Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуСокулук району 25.03.2019 14:22 На русском

«Сүрөттү көрүп, күлкүм келди»: Биринчи жолу алп балбандарга калыстык кылган «чыпалак» — К.Тургунбаев

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңгарач айылынын 31 жаштагы тургуну Кайрат Тургунбаев Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарына жакын жерде чөлдө өткөн эл аралык «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалына катышып, самбо боюнча башкы калыс болду. Ал аймактык кабарчыга өмүрүндө биринчи жолу алп балбандарга калыстык кылганын айтып берди.

«15-16-мартта Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарына жакын жерде чөлдө өткөн эл аралык этнофестивалдын алкагында мелдеш өтүп, анда мен өмүрүмдө биринчи жолу алп балбандарга калыстык кылдым. Сүрөттөгү кызыл курчан балбан Грузиядан болсо, көк курчан балбан Өзбекстандан. Балбандардын салмагы 130-150 кг экен. Өзбек балбандын бою 2 метр 10 см деп айтышты. Бул беттеште грузин балбаны жеңишке жетишип, 1-орунду алды. Буга 16 мамлекеттин балбандары катышты.

Кадимки спортчуларга калыстык кылгандай эле болдум. Кийин мелдеш бүткөндө сүрөттү карап күлкүм келди», - деди ал.

Бул мелдеште Кыргызстандын балбаны Канатбек уулу Илгиз 3-орунду багындырган. Ал Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүндө машыктыруучу. Ал эми Кайрат Тургунбаев буга чейин Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында калыстык кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×