Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусу, Токмок 25.03.2019 11:37 На русском

Видео, сүрөт — Ишкердин уулу катышкан кандуу түн же депутаттын өлүмү. Окуянын чоо-жайы кандай болгон?

Turmush -  Токмок шаарында бычактын мизинен каза болгон 29 жаштагы Тилек Чүй айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты болчу. Анын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча материалдар Токмок шаарынан Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына өттү.

Окуя ушул жылдын 16-мартынан 17-мартына караган түнү шаардагы борбордук көчөдө — Токмок шаарынын мэриясынан анча алыс эмес жерде болгон.

Окуя болгон күнү Тилектин жанында болгондордун бири Талант Шекинов учурда Токмок шаардык ооруканада жатат. Анын айтымында, мушташ учурунда аркасына, колуна бир нече жолу бычак тийген.

«Нооруз майрамына карата мергенчиликке чыгып келели, бир аз эс алып отуралы деп сүйлөшүп, андан кийин тараганбыз. Жолдо кетип бара жатып, бирден гамбургер жеп алалы дедик. Жаңы эле гамбургер сатып алып жеп бара жатсак, жолдо 3-4 бала сүйлөшүп туруптур. Алдыда Нурлан деген дос балабыз кетип бараткан. А, биз Тилек экөөбүз анын артында элек. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун жээгинде турган балдар кыйкырып сүйлөшүп жатышыптыр. Ошол маалда алар алдыдагы Нурлан аттуу дос балабыз менен тирешип калышты. Андан кийин бирөөсү дос балабызды түртүп, уруп жиберди. Көп өтпөй Нурлан кайра сокку урду. Бирок жулкулдашкандан кийин «болду-болду» деп бири-бирибизден кечирим сурашып туруп калдык. Алардын бирөөсү кимдир бирөөлөргө телефон чалып калды. А, биз ал убакта кетели деп камданып басып бара жатсак дагы бир бала келип калды. Мен болсо кетип бара жатып, алардын бирөөсүнөн кечирим сурап жаткам. Анан эле дагы С.Жапаркул деген бала келе калып, кайра ызы-чууну баштап жиберди. Ал унаасынан түшүп келип эле, эч нерсени териштирбей туруп Тилекти уруп калды. Ошондон баары башталып кетти. Негизи Тилекти мен жеңил эле урду деп ойлогом. Мен чуркап барып Жапаркулду кармап, артка тартып жатсам, мени да артымдан бир бала келип кармап тартты. Ошондо Жапаркул менин артыма сайып жиберди. Мен тизелеп отуруп калганда Жапаркул менен Дастан деген бала маркум Тилекти көздөй басып кетишкен. Мени башка балдар кармап жатышкан. Бир аздан кийин тигилер унааларга түшүп кетип калышты. Айланамды карасам Тилек жерде жаткан экен. Жанына барсам жүрөккө эки жолу, колго бир жолу бычак сайышыптыр. Ошол маалда жолдон балдар өтүп бара жатыптыр. Аларга айтып, тез жардам чакыртып, андан ары эс-учумду жоготтум», - деди Талант Шакенов.

Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 24 жаштагы тургуну Дастан аттуу жигитти камакка алганын билдиришкен. Бирок Тилектин жакындары, достору чыныгы кылмышкер боштондукта жүрөт деген ойду билдиришти. Айбек аттуу дос баласынын айтымында, бул окуя тергөөчүлөр тарабынан адилеттүү иликтенбесе, алар митингге чыгууга аргасыз.

«Биздин досубуз эч кимди капа кылчу эмес. Дайыма кайрымдуулук иштердин үстүндө жүрчү. Ушундай кыргыздын патриот баласы жөн жерден каза болуп калганына ичибиз ачышып турат. Ал спорттук, маданий иш-чараларга, балдар жана карылар үйүнө жана башка карапайым элдерге көп жолу демөөрчү болуп келген. Биз укук коргоо органдарынан бул кылмыш ишин калыс, адилеттүү иликтеп берүүнү суранабыз. Кылмышты чыныгы жасаган адам өз жазасын алыш керек. Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн дегендей болуп жатат. Андай болбосун. Эгер акыйкаттуу чечим болбосо, анда биз митинг кылууга аргасызбыз», - деп билдирди ал.

Жогоруда аты аталган жана бул окуяга катыштыгы бар деген Жапаркул аттуу жигит менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал Токмоктогу эң бай деген адамдардын сап башында турган ишкердин уулу.

Аймактык кабарчы экинчи тараптын пикирин угууга аракет жасап, С.Урмат аттуу жигит менен байланышты. Урмат учурда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда нейротравматология бөлүмүндө дарыланып жатат. Анын айтымында, кандуу мушташтын башын маркум Тилек жана анын достору биринчи баштаган.

«Окуя менден башталган. Көзүмдүн көрүүсү боюнча 1-топтогу майыпмын. Сол көзүм көрбөйт, оң көзүм болсо чала-була көрөт. Бул көзүм деле бара-бара көрбөй калышы мүмкүн. Ошол себептен көзүмдү дайыма дарылап турушум керек. Ошол жума көзүмдү дарылатууга Москвага кетмекмин. Мындан улам кечинде туугандар менен жолугуп, Улук деген иним менен өзүбүз өсүп-чоңойгон жерди кыдырып келели деп унаа менен чыкканбыз. Шаарды айланып жүргөндө жаныбызда ошол инимдин Саламат деген досу да бар болчу. Түнкү саат 02:00-03:00 чамаларында «Космос» кинотеатрынын жанына келдик. Анын жанында гамбургер жасаган жер бар. Ошол жерде турганбыз. Он-он беш мүнөттөн кийин ары жактан кыйкырып сүйлөшкөн 2-3 бала пайда болуп, бизге бир нерселерди кыйкырып сүйлөп калышты. Мен аларга «ушул эле жерлик болобуз, кете бергиле» десем, алар бизди көздөй басып келишти. «Бул жактык болсоңор кимсиңер?» деп сурап башташты. Мен болсо «ушул жактыкпыз, Токмокто чоңоюп-өскөнбүз, силер өзүңөр кимсиңер?» десем, алар аябай мас абалда экен. Көчөнүн жаргондору менен сүйлөп жатышты. Коркутуп сүйлөп башташты. Аларга теңелбей, «жигиттер силерди түшүндүм, кыйын экенсиңер, биз өзүнчө отурабыз» десем, «кандайча кете бер дейсиң, сен кимсиң, сен кыйынсыңбы?» дешти. Аларга ушул сөзүм жакпай калып, тирешүү башталып кетти. Алгач эле алар мени жерге жыгышты. Жогоруда айткандай, менин оң көзүм 5 пайыз көрөт. Ошол көзүмө уруп жиберишти. Көз айнегим сынып, көзүмдөн кан агып баштады. Жанымдагы Улук менен Саламат аларды токтотуп, ажыратууга аракет кылып, «байкемдин көзү көрбөйт, жигиттер койгула» деп жатышты. Мен болсо эч нерсе көрбөй калдым. Улук менен Саламат тигил үчөөнө жетишпей калышты. Көзүм көрбөгөндүктөн кача албай калдым. Алар улам келип, мени уруп кетип жатышты. Ошол маалда Улук мени эптеп унаага отургузуп, жолдун аркы жагына айдап барып таштады. Саламат калып калды. Улук аны алып келейин деп чуркап кетти», - деди ал.

Урмат окуяны андан ары улап, Жапаркул менен Дастан ал жерге кантип келип калганын айтып берди.

«Алардын абалын көрүп, мен Жапаркулга телефон чалдым. «Мени сабап кетишти, тигил жакта Улук менен Саламат калып калды. Алар үчөө экен, бизди алып кет» дедим. Аны менен чогуу Дастан деген да иним келип калыптыр. Экөө тең менин инилерим болот. Жапаркул бөлөм болсо, Улук менен Дастан аталаш бир туугандар. Алардын келгенин көрүп, «кого-то подтягиваете» деп эки эсе агрессивдүү болушуптур. Ал жерин мен көргөн жокмун, бирок кийин инилерим айтып беришти. Ошондо Дастан менен Жапаркулду сабап киришкен экен. Окуяны андан ары өзүм көргөн жокмун, бирок үндөрүн угуп жаттым.

Унаага отуруп баарыбыз кеттик. Дастан бычакты өлгөн баладан тартып алган экен. Ал кандай кылып сайып алганын туура иликтөө керек. Биз жасаган ишибизге жооп бергенге даяр болуп тарбияланганбыз. Кылган ишке жооп беребиз. Дастан эң кичүүбүз. Ал азыр курч, оттой жалындап турган кези. Жакындарына күйүмдүү бала. Жапаркулду үчөө баса калган экен. Ошондо Дастан бирөөсүнүн бычагын көрө калып, аны артка көтөрүп таштаган экен. Андан кийин колунан бычакты алыптыр. Анын айтымында, менин көзүмдөн кан акканын көрүп, ал өзүн жоготуп коюптур. Аябай ызаланып кеткен экен. Мен андан кийин «эмне болду, каякка сайдың элең?» десем, «байке, мен катуу деле сайган эмесмин, колу-бутуна эле сайдым» деп койгон. Улук мени ооруканага көзүмдү көрсөткөнү алып кетти. Дастан ушул окуяга кокусунан аралашып кетти. Эми ал өзүнүн кылганына жооп берет. Биз жоопкерчиликтен качпайбыз. Мен ушул жерден өзүмдү аябай күнөөлүү сезип жатам», - деди ал.

Урмат Жапаркул байдын баласы катары бош жүрөт деген жабырлануучулардын койгон жүйөөсүнө төмөнкүдөй жооп берди.

«Негизи менин угушумча, депутатты билбейм, бирок ошолордун бирөөсү 2-3 жолу соттолгон бала экен. А, биз соттолмок турсун милицияга да барып көргөн эмеспиз. Жапаркул байдын баласы деп жатышат. Ооба, атасы чын эле бай. Апасы менен атасы ажырашып кеткен. Ал биз менен 9-класска чейин жашаган. Өзүнүн күчү менен бизнес баштап, бутунан турган. Жөнөкөй, жупуну жүргөн бала. 9-класстан кийин атасы иштетем деп алып кетти. Ал май куюучу жайларда иштеп жүрдү. Ал байдын баласы болгону менен колуна ачкыч кармап, карала май болуп, катардагы жумушчулардай иштечү. Байдын баласы деген жүйөөнү бетке кармап, аны курулай күнөөлөш туура эмес. Атасы чиновник болуп, анан байыса бир жөн. Ал да байлыкты өз маңдай тери менен тапкан. Жакында эле Жапаркул менен жолуктум. Ал аябай купкуу болуп, коркуп калыптыр. «Токмоктун эли мени жаман көрүп, жөн жерден каралап жатышат» деп айтты. Тергөөчүлөр акыйкат тергөө жүргүзөт деп үмүт кылам жана эл өзүнүн туура баасын берет деп ойлойм», - дейт Урмат.

Окуя тууралуу:

Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, 17-мартта саат 03:05 чамасында Токмок ШИИБге телефон аркылуу эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган ыкчам топ азиат түспөлүндөгү, 20-25 жаштар чамасындагы жигиттин бычактан жаракат алган жансыз денесин табышкан.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси менен (киши өлтүрүү) иш козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Көп узабай маркумдун өздүгү такталып, 29 жаштагы С.Т. экени белгилүү болгон. Ушул эле түнү саат 03:00 чамасында 30 жаштагы Ш.Т. бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилгенин дарыгерлер милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө иштеринин жүрүшү менен бул кылмыштарга шектүү катары Токмок шаарынын 24 жаштагы тургуну С.Д. кармалып, камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде жаштар арасында мушташ болуп, анын кесепетинен бири каза болсо, экинчиси жаракат менен ооруканага түшкөн. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×