Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуАламүдүн району 25.03.2019 10:23

Таиландда тай бокс боюнча өткөн дүйнө чемпионатынан кыргызстандык 9 спортчу байгелүү кайтты (сүрөт)

Turmush -  12-марттан 20-мартка чейин Таиланддын Бангкок шаарында WMF версиясы менен тай бокс боюнча өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык 9 спортчу байгелүү орунга ээ болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына машыктыруучу Сыргак Айталиев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш спорт сүйүүчүлөр жана жарым профессионалдар арасында өтүп, ага Кыргызстандан 11 спортчу катышты. Алар: Альберт Бактыбеков, Али-Хан Эргешов, Абдулазиз Туранбаев, Тцой Никита, Евгений Трубачинов, Данияр Кашкараев, Ермек Кумачаев, Эрик Боцорога, Бекжан Закиров, Жыргалбек Өмүрзаков, Замирбек Кочкоров.

«Жыйынтыгында Али-Хан Ергешев – чүчү кулак боюнча жарым финалга илинди. Ал биринчи беттеште өзбекстандык мушкерди жеңип, финалда малайзиялык мушкерди 2-раундда нокаутка кетирди. Евгений Трубчанинов болсо 54 салмакта таймашты. Биринчи беттеште ирандык, финалда өзбек мушкерди жеңип, чемпион болду. Цой Никита болсо сүйүүчүлөр арасында дагы жарым профессионалдар арасында дагы беттеш өткөрдү. Сүйүүчүлөр арасында 3 жолу беттешке чыгып, алгач Перудан келген мушкерди, экинчисинде өзбек мушкерин, финалда Француз мушкерин жеңип, чемпион болду. Ал эми жарым профессионалдар арасында биринчи Колумбиядан келген мушкерди жеңип, экинчисинде марокколук мушкерди утуп алса, финалда өзбек мушкерин жеңүү менен чемпион болду.

Ал эми 2-орунду Абдулазиз Туранбаев, Данияр Кашкараев, 3-орунду Замирбек Кочкоров, Жыргалбек Өмүрзаков, Эрик Боцорога, Альберт Бактыбеков алып келишти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×