Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуСокулук району 22.03.2019 13:39 Жаңыланды: 22.03.2019 18:56 На русском

Абу-Дабидеги «Форсаж» тартылган мейманкананын 74-кабатында эмгектенген Мээримдин баяны

Turmush -  Мээрим Атабекова Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында 1998-жылы төрөлгөн. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарындагы атактуу мейманкананын 74-кабатында ар түрдүү кофе, коктейлдерди жасап эмгектенет.

Жеңилбе, алдыга умтул...

- Менин келечекке максаттарым өтө көп. Анын баарына кудайым буюрса жетем. Мына, Дубайга келип эмгектенсем деген кыялым орундалып отурат. Адам максат койгонду жана ошого умтулганды билиши керек. Аракет кыл. Ортодон жыгыласың, тоскоолдуктар чоң болот. Бирок сен жеңилбе, алдыга умтул…

Азыр эстеп кеттим. Студент кезимде эле коомдук иштерден такыр калчу эмесмин. Кандай гана долбоорлор болбосун мен жүрбөгөн жер жок болчу. Бир уюм менен көп иштедим. Ал жактан студенттерди дүйнөнүн 126 мамлекетине окууга, ишке жөнөтчүбүз. Ал ортодо Кызыл Жарым Ай коому жана башка көптөгөн белгилүү уюмдар менен да иш алып бардым. Андан мурун мектепте окуп жүргөндө биздин мектепке Америкадан ыктыярчылар келип, англис тилинен сабак өтүп калышты. Алар менен баарлашып жүрүп, англис тилин жакшы өздөштүрүп алдым. Ойлоп көрсөм бала кезден эле чет өлкөлөрдү кыдырып, саякаттасам деп кыялданчу экенмин. Ал кыялым кийин деле калган жок.

Бишкекте бир борбор бар. Билимдүү, таланттуу жана эң башкысы активдүү студенттерди окууга, ишке жөнөтүшөт. Алар менен баарлашууга барып, кудайым жалгап өтүп кеттим.

«Форсаж 4» тасмасы тартылган мейманканада иштейм

- Учурда Абу-Дабиде жашайм. Аябагандай бийик кабаттуу мейманкананын 74-кабатында эмгектенем. Эсиңиздерде болсо, «Форсаж 4» тасмасы дал ушул имаратта тартылган. Айрымдар «74-кабаттан терезеден айлананы, төмөн жакты карап, башың тегеренбейби?» деп сурап калышат. Алгач коркуу сезим болгон. Бирок азыр андай эмес. 6 айдан бери бийиктикке көнүп калдым. Бул жерде мен бариста болуп иштейм. Ар түрдүү кофе, коктейлдерди жасайм.

Элүүдөн ашуун улуттан куралган эмгек жамаат

- Алгач келгенде эле баары шуруга тизилгендей укмуш болгон жок. Албетте, кыйналдым. Тамактарына көнүп кетиш оор болду. 20 жаштагы кыз алыска сапар тартып кетип жатканын элестетиңиз. Ал жакта элүүдөн ашуун ар улуттун өкүлдөрү бар экен. Тилдерине көнө албай жүрдүм. Баарыбыз англис тилинде сүйлөгөнүбүз менен ар кимисинин ар башка акценти кошулуп, кээде түшүнүшпөй калчубуз. Азыр анын баарына көндүк. Бири-бирибиздин акцентибизди түшүнүп калдык.

Тамак-ашынын басымдуу бөлүгү ачуу болот экен. Кыйналганымдан, сагынганымдан, буулукканымдан ыйладым. Бирок ушунча келген соң чыдоого бел байлаш керек болду. Өзүмдү өзүм алаксытып, күнүгө жумушка көңүлдүү келип жаттым.

Жомоктогудай кызыктуу жерлерди көрүүгө кудайым насип кылды

- Дубайдагы, Абу-Дабидеги жана башка шаарлардагы атактуу имараттар менен эс алуучу жайлар бир компанияга таандык. Сен ошолордун бир имаратында иштесең, башка имараттарына конокко барып, бекер эс алып кетсең болот. Бул мүмкүнчүлүк мени сүйүндүрдү. Дүйнөдөгү жападан жалгыз 7 жылдыздуу мейманкана Бурдж-эль-Арабга бардым. Аны көбү сыналгыдан көрүп жүрсө керек. Кемеге окшош. Ошондой эле өзүмдү суу алдындагы дүйнөдөн сынап көрдүм. Мага жакты. Менин жан дүйнөм суу алдындагы дүйнөгө жакын экен. Мындан бөлөк да көптөгөн жомоктогудай кызыктуу жерлерди көрүүгө кудайым насип кылды.

9 миллиондун 1 миллиону жергиликтүү эл

- Чынында жалаң жакшы адамдардан дос күттүм. Кудай кут кылсын, азыр кайсыл жерине барбайын тааныш, досторум бар. Алар ар кандай таланттагы адамдар. Алар менен чогуу дүйнө таанымым өзгөрдү. Элестетиңиз, Абу-Дабиде 9 миллион киши болсо, анын 1 миллиону гана жергиликтүү эл. Калганы туристтер менен эмгек мигранттары. Көпчүлүгүн Непалдан, Индиядан, Пакистандан, Филиппинден келген эмгек мигранттар түзөт. Эмгек жамаатта сени сатып кеткен, сени тузакка салган, алдаган кишилер да болот. Анын баарына көнүп, өзүңө сак болгонду, коргонгонду үйрөнөсүң. Жергиликтүү эл сылык болуп, тазалыкты да абдан жакшы көрүшөт. Жаман адамдар бар, бирок жакшы адамдар басымдуу.

Мен бош убактымда саякаттап же китеп окуйм. Мындан сырткары англис тилинин грамматикасын, испан тилин жакшы үйрөнгөнгө аракет кылып жатам.

- Өзүмдүн кичинекей эрежем

- Атам аэропортто эмгектенсе, апам мугалим болуп иштейт. Эки бир туугандын кичүүсүмүн. Өзүм Бишкектеги медициналык колледжде 3 жыл окуп, билим алдым. Ал ортодо бир топ ооруканаларда практикант катары тажрыйба топтодум.

Мени ушундай даражага жеткирген ата-энеме миң мертебе ыраазымын. Апам мага дайыма ар бир максатыңа позитивдүү ой жүгүрт деп келет.

Келечекке максаттарым көп. Европаны, АКШны көрүп келгим келет. Эл менен, жер менен таанышкым келет. Дайыма максаттарымды, ага жетүүнүн жолдорун дептерге жазып отурам. Ошондой эле эреже менен Абу-Дабиге келдим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×