Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЧүй району 22.03.2019 09:35

Нооруз-2019: Чүй районунда көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районунда Нооруз майрамына карата борбордук ат майданында спорттук иш-чара болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Эки күн бою көк бөрү оюну өткөрүлүп, кечээ, 21-мартта финалдык бөлүгү орун алды. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн командасы жеңип кетти. 2-орунду Ибраимов айыл өкмөтү алса, 3-орунду Бурана айылынын командасы илип кетти. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди.

Ошондой эле, майрамдык салтанатта боз үйлөр тигилип, келген коноктор менен жергиликтүү тургундарга улуттук тамак-аштар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×