Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуПанфилов району 21.03.2019 22:02

Cүрөт — Панфилов районунда Нооруз майрамы кандай белгиленди?

Turmush -  Бүгүн, 21-мартта Панфилов районунун бир катар айылдарында, алардын ичинде Фрунзе жана Курама айылында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык салтанатка райондун жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү тургундар жана маданият кызматкерлери катышты. Иш-чаранын алкагында кыргыздын каада-салттары көрсөтүлүп, ат оюндары өттү.

«Биздин Чалдовар айылында 6 жылдан бери уруулар арасында сынак өткөрүп, Нооруз майрамын белгилеп келе жатабыз. Бул иш-чарага 30га жакын боз үй тигилип, 5 миңдей киши катышты», - деди Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Карымшаков.

Ошондой эле Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Эсенаманов салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары жана райондун акими катышкандыгын айтты.

«Бизде жылда Нооруз майрамы 6 айылда кезеги менен өткөрүлөт. Бүгүнкү майрам жогорку деңгээлде өтүп, элибиздин да маанайы абдан жакшы. Кыргыздын улуттук оюндары жана ат оюндары өткөрүлдү. Бөөдө кырсыктан алыс болуп, ойлогон ой-максатыбызга жетели!», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×