Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЧүй району 20.03.2019 14:11

Нооруз-2019: Буранада туристтерге сүмѳлѳк берилди (видео, сүрөт)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Бурана айылындагы музейде Нооруз майрамы белгиленди. Ага атайын туристтер чакырылып, конок болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй райондук маданият үйүнѳн билдиришти.

Иш-чаранын максаты — Нооруз майрамын туристтерге тааныштырып, кыргыздын үрп-адаттарын, каада-салттарын кѳрсѳтүү жана аны жайылтуу.

Чүй райондук маданият бѳлүмү, Бурана музейинин эмгек жамааты, студенттер, Бурана айылынын окуучулары тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланып, Умай эне аластап, Кыдыр ата батасын берди. Ошондой эле Бурана музейинин кызматкерлери даярдаган сүмѳлѳк келген конокторго таратылды.

Майрамдык иш-чарага жалпысынан 300дѳй киши катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×