Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуМосква району 20.03.2019 09:50

Беловодск айылындагы маданият үйү тонолуп, селсаяктардын түнөгүнө айланган, - жашоочу (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы маданият үйү 25 жылдан бери кароосуз турат. Ал райондун борбору болгон Беловодск айылында жайгашкан. Жыл өткөн сайын дубалдары урап, терезе-эшиктери талкаланып, селсаяктардын түнөгүнө айлангандыгын Беловодск айылынын 80 жаштагы тургуну Ниязбек Конушев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, 20 жылдан ашуун убакыттан бери маданият үйүнө тийиштүү көңүл бурулбай жатат. Имараттын чыгыш тарабында №2 мектеп, батышында борбордук эс алуу паркы жана райондук мамлекеттик администрациянын имараты, түндүгүндө М.Рыскулбеков атындагы көркөм өнөр музыкалык мектеби, түштүгүндө болсо райондун базары орун алган. Төрт тарабы мамлекеттик мекемелер менен курчалып турганы менен дубалдарындагы маданиятсыз жазуулар көңүлдү оорутат.

«Менин билишимче райондук маданият үйү 1934-жылдары курулган. Убагында залкар адамдар бул жайда өз өнөрлөрүн тартуулашып, жергиликтүү тургундардын эс алуу борборуна айланган. Ал учурда имаратта райондук борборлоштурулган китепкана дагы бар болчу. Чатырдан суу ага баштаганда ал музыкалык мектептин жанындагы кош кабаттуу имаратка көчүрүлгөн. Мен анда курулуш башкармалыгынын жетекчиси элем. Биздин маданият үйүнүн абалы жөнүндө кайрылбаган жерибиз калган жок», - дейт Ниязбек Конушев.

Ал президенттик шайлоодо эл менен жолугушууга келген экс-президент А.Атамбаев аталган маселени чечүүгө убада бергендигин айтты. Каржылоо маселеси дагы чечилгенин уккан. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ыкчам аракеттеринен дайын жок экендигин кошумчалады.

«Жакында эле карыялар биригип, тийиштүү жерлерге кайрылдык. Өкмөттөн республика боюнча 3 райондо маданият үйү жок болсо, ошонун бири Москва району дешти. Биз андан башка көңүл жылытарлык сөз укпадык. Мен иш кагаздарын жакшы түшүнөм. Кезегинде курулуш башкармалыгында жетекчи, партиянын Москва райондук комитетинин 2-катчысы, Беловодск айыл өкмөтүнүн төрагасы болуп иштегем. Райондук маданият үйүнүн директорлук кызматына жыл сайын жаңы адам келет. Алар да имараттын жоктугунан өз ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзө албай жатышат. Райондук маданият үйү жок иш-чараларды кантип өткөрүүгө болот? Деги биздин үндү ким угат? Райондук маданият үйү жок, анын эски имаратын карап, талкаланып, тонолуп жатканына зээним кейийт», - деди Ниязбек карыя.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×