Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЧүй району 20.03.2019 14:50 На русском

Алтайда иштеген Р.Элеманова музейдин ачылышында ректордун кайчысы менен кызыл тасманы кесип салган

Turmush -  Алтай мамлекеттик университетинин эл аралык иштер боюнча башкармалыгынын адиси Римма Элеманова Алтайда окуган кыргыз студенттери менен сыймыктанат. Ал музейдин ачылыш аземиндеги кызыктуу окуяны аймактык кабарчыга айтып бериди.

Ааламга кеткен жол…

- Ѳзүм Кыргызстанда тѳрѳлүп, ушул жерде ѳскѳм. Бирок кайсы облустан экенимди айтпайм. Ал сыр болсун. Ал эми ата-энем коомдук ишмерлер. «Мыкты кызматкер» деген наам алышкан.

Учурда Алтай ѳрѳѳнүнүн Барнаул шаарда жашайм. Аталган ѳрѳѳндѳгү жогорку окуу жайда, эл аралык бѳлүмдѳ иштейм. Бул жерде орустар, кумандылар, алтайлыктар, немистер, армяндар, казактар, татарлар, тажиктер, ѳзбектер, кыргыздар жана башка 250 түрлүү улуттун ѳкүлдѳрү жашайт.

Алтайга билим алуу үчүн келгем. 2014-жыл болчу. Ага чейин Кыргызстанда Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинен билим алгам. Кийин Алтайдагы бул окуу жайга бекер окууга ѳтүп кеттим. Университетти бүткѳндѳ окууда, коомдук иштерде жакшы жетишкендиктерге жетишкеним үчүн Алтай мамлекеттик университетинин администрациясы жумушка чакырышты. Ишим ѳтѳ кызыктуу жана чын дилимден сүйгѳн кесибимди аркалап келе жатам десем жаңылышпайм. Бул жерде эмгектенип жатканыма жалпы 6 жыл болду. Илимий, коомдук, эл аралык, кайрымдуулук иштер менен алектенип, балдарга билим берип келем. Бул жерден мен ѳзүмдү таптым. Чыныгы ийгиликтерди жаратуучу жер – Алтай десем болот.

Алтай жѳнүндѳ

- Кыргыздардын, ѳзбектердин ашканаларынан тамактанабыз. Мечиттен койдун, уйдун этин алып бешбармак жасап жейбиз. Боорсок жана башка кыргызымдын тамактарын кадимкидей эле колго жасайбыз.

Алтай элдери ѳтѳ жѳнѳкѳй, саясаттан алыс, депутаттар менен иштери жок, тынчтыкты сүйгѳн калк. Сүйүүгѳ бекем, үй-бүлѳдѳ эркек аялын аябай сыйлайт. Дүкѳндѳ, музейде, кѳчѳдѳ, концертте жубайлар кол кармашып чогуу жүрүшѳт. Балдарга мамилелери эң жакшы. Балдарды урушпайт, кол кѳтѳрүшпѳйт. Кичинекей балдар мектептен сырткары кѳп ийримдерге, спортко барышат. Кѳчѳдѳ бош ойноп жүргѳн баланы кѳрбѳйсүз. Мектепке балдарды ата-энелер алып барышат, кайра үйгө алып кетишет.

Коомдун маданияты жогору экен. Кызматтык тейлѳѳлѳрү жаман эмес. Алдабайт, чѳнтѳккѳ кол салбайт. Сумкадан эч нерсе жоголбойт. Кѳчѳдѳн ышкырып, сага бирѳѳ тийишпейт. Бирок коомдук транспорттордо улуу кишиге кичүүлѳр орун бошотуп бербейт. Кокус орун бошотуп берсең таң калышат. Ардактуу эс алууга (пенсияга) чыккандардын кѳбү лыжа тээп, ыр-бий ийримдерине катышат. Жаштары болсо кѳп деле кийимге басым жасабайт. Жѳнѳкѳй кийинишет.

Учурда биздин университетте Кыргызстандан келген 100 студент бар. Баары бекер, стипендия алып окушат.

Бул жерде билимди терең беришет. Мугалимдер пара албайт. Акча менен ишти бүтүрүү эмне экенин билбейт. Сабакты кандай окусаң ошого жараша баа аласың. Кыргызстандан келип окуй албай кеткендер бар. Жалкоолук кээ бир студентти артка кайтарат.

Алтайдагы эстен кеткис окуя

- 2015-жылы жаңы иштеп жаткан элем. Университеттин ректоруна, проректоруна, мугалимдерине конференция, форум, тегерек столдор өткөн учурда Азия ѳлкѳлѳрүнѳн кѳптѳгѳн белектер келет экен. Ал белектер бир бөлмөгө толуп калыптыр. Мага «булар кайсы ѳлкѳгѳ таандык экенин карап, бѳлүп кой» деп айтышты. Белектердин баарын иреттеп, бѳлүп чыктым. Андан соң, ошол белектер коюлган бѳлмѳгѳ музей уюштуруп, ѳлкѳлѳрдүн аттарын жаздыртышты. Таң калганым, мугалимдер белектерди үйлѳрүнѳ алып кетпей, эл аралык бѳлүмгѳ таштап кетишчү экен. Бул музейдин ачылышына декандарды, меймандарды чакырышты. Ошентип иш-чара жакындап калды. Мени болсо башка иш бѳлмѳгѳ кооз, чоң кайчыга, кызыл тасмага жѳнѳтүштү. Мен ал кезде кичинекей кыз болчумун. Анан эле күтүүсүздѳн «кызыл тасманы кесерде ректордун жанында тур» деп айтышты. Мен макул деп туруп калдым. Ал күнү Кыргызстанда тигилген жаңы кѳйнѳктү кийип алгам.

Бир маалда ректор келип, мени кес дегендей ишарат кылып, «ну давайте» деди. Кѳзүмѳ баягы ѳзүм таап келген чоң сары кайчы урунду. Аны алып эле тасманы кесип калдым. Ректор болсо жаздыкчанын үстүндөгү кичинекей кайчы менен кести. Кѳрсѳ ал сары кайчыны ректор алмак экен. Мен болсо кичинекей кайчы менен кесмек экенмин. Ичимден эч ким урушпаса экен деп коркуп жаттым. Бирок эч ким урушкан жок. Кандай мыкты кишилер. Музыка ойнолуп, кол чабылып жатты. Мен болсо кескен тасманы жогору кѳтѳрүп, баарына кол булгаладым. Проректор андан мурда менден белектер, экспонаттар тууралуу сураган. Ал кайра ректор экөөбүзгө мен айткандарды айтып берди. Ар кайсы телеканалдардан журналисттер келип да тартып жатышты.

Андан мурун Моңголиядан ректор келип, биздин проректорго бир китеп таштап кеткен. Ошол китепти проректор ректорго берди. Ректор ыраазычылыгын айтып, мага берди. Бул күн мага жагымдуу күн болгон. Мен кийин ата-энеме ушунун баарын айтсам, кудай буюрган турбайбы дешкен.

Кыргызстандык студенттер жѳнүндө

- Кыргызстандан келген бардык студенттер активдүү, намыскѳй, аракетчил, адептүү. Алардын ата-энелерине ыраазычылык айтам. Мен келгенде онго жетпеген бала окучу элек. Бүгүнкү күндѳ саныбыз жүзгѳ жетти. Кудайга шүгүр. Мен эл аралык бѳлүмгѳ келгенден бери Кыргызстандан кѳп студенттерди, магистранттарды билим алууга үндѳп келем.

Менин келечектеги максаттарым

- Келечекте Алтай мамлекеттик университетинин ректору, академик болом. Т.Драйзердей жазган китептерди жазам. Дүйнѳнүн бүт ѳлкѳлѳрүндѳ болом. Жеке эл аралык банк ачам. Кудайым буюрса, 100 жашка чыгам. Ошол жашта мени дал ушундай келбетте кѳрѳ аласыздар. Абада учкан унаам болот. 6 миллиард санаалаш, сырдаш досторум болот. Нобель сыйлыгындай дүйнѳлүк деңгээлдеги сыйлык ойлоп табам. Ал сыйлыкка бүткүл адамзатка кереги тийген гана адам татыктуу болот. Ааламдагы эң жакшы энергияларды тарткан «магнит» болом. Кыргызстанга вундеркиндердин (таланттуу балдар) университетин ачам. Ал окуу жайда бүт дүйнѳ жүзүндѳгү вундеркиндер окушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×