Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуЧүй району 19.03.2019 13:23

Чүй районундагы Кызыл-Суу дарыясынын жээги бекемделип жатат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунда суу ташкындарын алдын алуу максатында 29 объектиде иштер пландалса, азыркы учурда 12 объектиде иштер толук аяктап, 3 объектиде иш жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ѲКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМ тарабынан «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары» мерчеминин алкагында Чүй облусунун аймагына коргоо иш-чаралары жүрүүдө.

«Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттен 33 объектиде коргоо иш-чараларын аткаруу мерчемделип, азыркы мезгилге чейин 2 объектиде иштер толук аяктап, 6 объектиде иштер жүрүп жатат. Мисал катары айтсак, Чүй районунун Кош-Коргон айылында жайгашкан Кызыл-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө иши жүрүп жаткан кези. Аталган тилкеде турак үйлөр, сарайлар жана айдоо аянттары корголот», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×