Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусу, Токмок 19.03.2019 10:09

Самынын, тиш жуугучун алып, милиционерди күткѳн кылмышкер: Н.Мейиловдун эмгек өргүүдөгү окуясы

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаардык ички иштер бѳлүмүнүн аймактык тескѳѳчүсү, милициянын капитаны Нургазы Мейилов 8 жылдан бери милиция кызматында. Ал изин суутуп таптырбай кеткен кылмышкерди кокусунан эмгек ѳргүүдө жүргөндө жолуктурган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Биздин жумушубуз ары кызыктуу, ары татаал. Кызыктуу окуялар дагы кѳп болот. Алардын бирин айтып берейин. Болжолу менен 2014-жылы болгон. Мен тейлеген аймакта кафенин ичинен муздаткыч жана ар кандай тиричилик техникалар уурдалган. Факты катталгандан соң, дароо эле ошол кафеге жакын жайгашкан үйлѳрдөгү жашоочулардан сураштыра баштадым. Арадан 2-3 күн ѳткѳндѳн кийин кылмышкердин изине түштүм. Тактап айтканда, уурунун аты-жѳнүн билдим жана кайсыл жерде турарын аныктадым. Бирок ал жашайт деген даректе ууру жок болуп чыкты. Токмок шаарын кыдырып, таппай койдум. Ал шектүү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу экен. Андан кийин башка кылмыш иши боюнча иштей баштадым. Арадан кѳп убакыт ѳтүп, менин кезектеги эмгек ѳргүүм келип калганына байланыштуу эс алуумду Ош облусунда ѳткѳрүүнү сурангам. Себеби, ѳзүм Ош облусунан болом. Бир туугандарым ушул жерде жашашат. Ошентип эмгек ѳргүүгѳ чыктым. Ошко автоунаам менен бара жаткам. Базар-Коргон районуна жеткенде баягы мен издеп жаткан жаранды эстеп, Базар-Коргондогу аймактык милиция бөлүмүнө кирдим. Ал жактан менден улуу аймактык тескөөчүнү жолуктуруп, ага мен издеп жаткан кылмышкердин сүрѳтүн кѳрсѳтүп, жардам берүүсүн сурандым. Ал киши кылмышка шектүүнү тааный турганын билдирди. "Кечээ эле кѳргѳм" деди. Сүйүнүп кетип, жашаган жерине бардык. Үйүнѳ барсак жок экен. Кечке чейин обочодо унаада жашынып, аңдып отурдук. Бирок келген жок. Мен аймактык тескѳѳчүгѳ анын сүрѳтүн калтырып, ѳздүгүн тактап берип, андан ары Ошко жолумду улап кеттим. Ошто бир ай эс алып, кайра жумушка, Токмокко жол тарттым. Арадан кѳп убакыт ѳтпѳй менин уюлдук телефонума Базар-Коргондун аймактык тескѳѳчүсү чалып, "сен издеген кишиңди кармадык, алып кет" деди. Чогуу иштешкен кесиптешим экѳѳбүз ошол күнү эле дароо жолго чыктык. Ошондо саат 14:00 чамаларында Жалал-Абадга кирип бардык. Шектүү колуна кѳк пакет кармап алып күтүп туруптур. Ал пакетти алып текшердик. Ичинде термос, кийим, самын, тиш жуугуч паста бар экен. "Буларды эмнеге алып алдың?" деп сурадык. Көрсө Базар-Коргондогу аймактык тескѳѳчү "сени Токмокко алып кетет" десе, кылмышка шектүүнүн апасы аталган буюмдарды даярдап, ал дагы бизди күтүп туруптур. Байкуш апа баласын ошентип узатып койду. Биз Токмокко карай жѳнѳдүк. Ал жолдон уурдалган оокаттарды кайсы жерге сатканын, андан башка жасаган уурулук фактыларын айтып берди. Токмокко жеткенде айтып берген фактылар такталып, тергѳѳ бѳлүмүнѳ ѳткѳрүлүп берилген», - деди ал.

Нургазы Мейилов 2006-жылы С.М.Киров атындагы №4 орто мектебин аяктаган соң, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясына бекер окууга өткөн.

«Бул кесипти мектеп куракта тандадым го. Себеби ѳспүрүмдѳр менен иштеген милиция кызматкерлери мектепке кѳп келе турган. Алардын кийген формасын, жүрүм-турумун кѳрүп, кызыга берчүмүн. Эсимде, үйдѳгүлѳргѳ келечекте милиция кызматкери болорумду айта берчүмүн. Ошентип 2011-жылы окуумду ийгиликтүү аяктап, лейтенант наамын алып чыктым. Андан кийин Токмок шаарына аймактык тескѳѳчү болуп дайындалдым. 2013-жылы үй-бүлѳ курдук. Жубайым Рахат Гаюпова экѳѳбүз бир уул, бир кызды тарбиялап, ѳстүрүп жатабыз.

Азыркы учурда Токмок шаарында милициянын аймактык тескѳѳчүсү болуп иштеп келем. Эртең менен саат 8:30да жумушка барып, ал жактан коомдук коопсуздук кызматынын башчысынан мага бекитилген аймакка жумушка чыгам. Мага тиешелүү аймакта жашаган жарандарга профилактикалык иштерди жүргүзүп, мурда соттолгон адамдар менен иштешем. Кылмыштарды болтурбоо багыты боюнча иш алып барам. Андан сырткары жарандардан "102" кызматы аркылуу түшкѳн арыздар менен иштейм. Алган сыйлыктарым кѳп», - деди ал.

Нургазы Мейилов 1989-жылы 9-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Киров айылында тѳрѳлгѳн. Ал үй-бүлѳдѳ үч бир туугандын кичүүсү жана жалгыз уул.

«Эки эжем бар – 1981-жылы тѳрѳлгѳн Мухаббат Мейилова жана 1984-жылы тѳрѳлгѳн Гүлзат Мейилова. Мухаббат эжем Ош шаарынын медициналык колледжин аяктаса, Гүлзат эжем Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясынан юрист адистигин алып чыккан. Атам Абдыганы Мейилов кезинде Кара-Суу районунун ооруканасында эң мыкты хирург-дарыгерлердин бири болгон. Тилекке каршы 2007-жылы ден соолугуна байланыштуу кѳз жумган. Апам Зайнаб Рахимова фельдшер адистигин аяктаган, бирок ѳз кесиби менен иштеген жок. Себеби балдарым билимдүү болсун, ушулар окусун деп Россия ѳлкѳсүндѳ иштеп жүрдү.

Алдыга койгон максаттарым кѳп. Хоббим — бул футбол. Футбол ойногонду жакшы кѳрѳм. Бош убактымды үй-бүлѳм менен ѳткѳрѳм. Себеби кээде жумуштан кеч келгенде балдарым уктап калышат. Кайра эртең менен эрте алар ойгоно электе жумушка кетем. Анан "атам келдиби?" деп апасынан сурашат экен. Ошондуктан бош боло калсам эле убактымды үй-бүлѳмѳ арнаганга аракет кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×