Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусу, Кара-Балта 18.03.2019 16:39 Жаңыланды: 18.03.2019 18:08

Тагдыр: Майыптыгына карабай өз кесибин аркалаган Айганыш сүйүктүүсүн тапты (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 26 жаштагы тургуну Айганыш Иминжанова майыптыгына карабай сүйүктүү кесибин аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектепти окуп бүткөн. Андан соң медициналык колледжди фармацевтика кесиби боюнча аяктаган. Учурда фармацевт болуп эмгектенүүдө.

«Апамдын айтуусу боюнча 6 айымда полиомиелит оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүлүп, ошондо көп өлчөмдө жана муздак кылып сайып коюшкандан улам ооруга чалдыгыптырмын. Ошондон бери шал оорусу менен күрөшүп келем. Апам дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ушул ооруга кабылганымды айтат. Кийин 10 жашымда операция болуп, оору эмдөөдөн кийин болгондугу далилденген. Бирок сот бул ишти карабай койгон.

Кийин чоңоюп калганда өз алдымча басып, окууга барганда абдан кыйналып жүрдүм. Бирок ата-энемдин жардамы жана кудайдын колдоосу менен бутума турдум. Кыйын учурлар артта калды. Алдыга койгон максаттарымды ишке ашырып келе жатам. Учурда жакшы көргөн кесибим менен иштейм. Бул жумушка орношуу үчүн дагы күрөшүүгө туура келди. Анткени мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп көбү жумушка албай коюшат. Бирок кудай менин тилегенимди берип, азыр өз кесибим менен иштеп жатам», - дейт ал.

А.Иминжанова ар бир кыз үй-бүлө куруп, бактылуу болуугу укуктуу деп эсептейт.

«Мен депрессияга кабылсам ооруп калам, ошондуктан ага жол берөө үчүн көбүнчө кол өнөрчүлүк менен алектенем. Мындан тышкары, интернет аркылуу сүйүктүү адамымды жолуктурдум. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 1 жылдын жүзү болду. Ал өзүнүн ата-энеси менен тааныштырды, алар: «Кеп адамдын кемчилигинде эмес, анын ички дүйнөсүндө» деп айтышты. Жигитим мени мүмкүнчүлүгү чектелген деп эсептебей, «мага турмушка чыгасыңбы?» деп 2 ай мурун сунуш кылды. Мен дагы ушундай адамга жолугам деп ойлогон эмесмин. Ар бир кыз турмуш куруп, бактылуу болууга укуктуу деп эсептейм», - дейт Айганыш.

Ал өжөр адамдар гана максатына жетерин белгиледи.

«Мектепке 1-класска барганымда мени мүмкүнчүлүгү чектелген деп мектепке кабыл албай жатканда директордун алдына тизелеп отуруп алып: «Мени мектепке алыңызчы» деп сурангам. Алар мени кыргыз класска киргизишкен. Мен «баары бир орус класска кирем» деп өжөрлөнүп жүрүп, бир айдан кийин орус класска которулдум. Орусча жакшы билбесем деле окуп кеттим. Ошондон кийин өжөр адамдар гана максатына жетерин түшүндүм.

Бир жылы аталаш агам үйлөнүп, той өткөрдү. Мен дайыма шым кийип жүрчү элем. Ошол күнү сулуулук салонуна барып, чачымды жасатып, боёнуп, өзүмө жаккан көйнөгүмдү кийип барсам, баары таң калышып, тааныбай калышкан эле. Келечекте бизнес тармагында иштеп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга иштегенге шарт түзүп берүүнү максат кылам. Адам баласы максат коюп, ниет кылса баарына жетишет деп ойлойм», - деди ал.

Айганыш үй-бүлөдө эки кыздын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×