Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЧүй району 18.03.2019 13:47 На русском

Жалгыз бой ата С.Бейшебеков кошунасынын үйүнө ташталган баласын жумушка көтөрүп барып багууда

Turmush -  50 жаштагы Советбек Бейшебеков он айлык наристени эки айлык кезинен бери жумушуна да кѳтѳрүп барып багууда. Анын айтымында, наристе жакында эле он күн ооруп айыккан.

Советбек Бейшебеков Талас облусунда 1969-жылы тѳрѳлгѳн.

«Азыр бир аз тамагы ооруп калыптыр. Дары берип койдум. Жакында он ай болот. 2018-жылдын 25-декабрына чейин иштеген жумушума кѳтѳрүп барып, эмгектенип жаттым. Андан кийин намаз окуган, ажыга барып келген Султан байке менен Айнаш эженин үйүн усталар болуп куруп иштеп калдык. Ошондо алар мага шарт түзүп беришти. Балам алардын жылуу үйүндѳ уктайт, ойнойт. Маалы келгенде сүт берем. Саат 17:00гө чейин иштеримди жасап, үйгѳ алып кетем. Бала бакчага берейин десем албай коюшту. Атайын наристелердин үйүнө берейин десем, бирѳѳ "ал жактан балаңызды алдырып коесуз" деп айтып калды. Жөлөк пул болсо каттоодо турбагандыктан берилбейт экен. Бир туугандарым, айрым боорукер адамдар жардам берип турушат.

Азыр баламдын астыңкы эки тиши чыгып калды. Ѳткѳндѳ он күн денесинин табы көтөрүлүп кыйналдык. Мен тиши чыккан деп ойлоп жаткам, кѳрсѳ тамагы экен. Дене табы 40 градустан ашып жатты. Ооруканага алып барып кѳрсѳттүм. Дарыгерлер жазып берген дары-дармектерди берип жатам», - деди ал.

Советбек мырзанын айтымында, келинчеги кетип калганына 8 ай болду.

«Келинчегим баланын кыркы чыккандан кийин "ата-энем түшүмѳ кирип жатат, тѳркүнүмѳ барып келейин" деп кеткен. Мен макул болуп, жол киресин тѳлѳп, он миң сом акча бергем. Бир жумадан кийин "биз келебиз" деп телефон чалды. Биз дегени — мурунку жолдошунан бир уул, бир кызы бар. Ошолор менен чогуу келем деп айтты. Бул менин экинчи турмушум, анын да экинчи турмушу болчу. Кызым мени ээрчип жатат дегенинен "ээрчитип келе бер, окуу башталганда кайра жѳнѳтѳбүз" дедим. Ал кызы таежесинин колунда экен. 2-класста окуйт. Ал эми уулу болсо 4 жашта. Ал мени "ата" деп калган болчу. Ошентип кызын ээрчитип келди.

Бир күнү жумушка чыгып кетип бара жатсам "акча барбы, кыздын чачын кырктырам" деп калды. Менде 1000 сом бар болчу. "Эки күндѳн кийин 10 миң сом алам. Ошондо кийинтип, окуу куралдарын алып берип, таежесине салабыз" дедим. "Ага чейин бул миң сомду алып тур" деп бергем. Мен жумушта жүргѳндѳ түштѳ телефон чалып, "биз базардан келдик, чачын кырктырып, кѳйнѳк алып бердим. Үйгѳ качан келесиз?" деди. Мен кечинде барарымды билдиргем.

Андан кийин бизден үч там төмөн жактагы кошуна келин менин телефонума 33 жолу чалыптыр. Иштеп жатканда телефонум сумкамда калып, үнү угулбай калган экен. Жумуштун убактысы аяктап калганда, ал номурга чалдым. Кошуна келин телефондон "силерге баланын кереги барбы?" деди. Жүрѳгүм шуу дей түштү. "Алинин атасы болосузбу?" деп сурап калды. "Ооба, мен атасымын" деп эле үнүм каргылданып кетти. "Апасы каякта, жаныңда жокпу?" десем, "Алини биздикине түштѳ таштап кеткен бойдон жок" деди. Мен сарсанаа болуп, "унаа коюп кеткенби, эмне болду?" деп ар кайсыны ойлоп, далбастап такси менен үйгө келсем, кошуна аялдардын баары топтолуп алыптыр. Ошондо эки айлык бала болчу. "Баланы таштап, энеси каякка кетти?" деп сүйлѳшүп жатышкан экен. Мен унчукпай баланы алып үйгѳ кирдим. Бир маалда телефонума смс-кат келди. "Баланы таштап кеттим. Мен чек арадан ѳтүп жатам, баланы жакшы чоңойт. Бактылуу болгула" деп жазыптыр. Мен нес болуп калдым. Ишене албай, тамаша го деп ѳзүмдү алдадым. Ошентип 3 күн күттүм, келген жок. Андан кийин Биринчи май РИИБге арыз жаздым. "Ушинтип 2 айлык баламды таштап кетип калды, дайыны жок. Ушундай смс-кат келди" деп кѳрсѳттүм. "Баарын текшерип бергиле" дедим. Кашайып чын болуп чыкты. Милиция кызматкерлери "келинчегиңиз чек арадан ѳтүп кетиптир" деп билдиришти», - деди ал.

Анын келинчеги Россияга кеткен.

«Андан кийин соцкызматкерге бардым. Бир курулуш ишканада бригадир болчумун. Соцкызматкерлер "баланы багып кете аласызбы, айлыгыңызды жаздырып келиңиз" деди. Мен жаздырып бардым. Алар текшерип кѳрүп, баланы багып кетет дешти. "Ичесизби?" деп да сурашты. "Мен арак эмес, бозо да ичпейм" деп жооп кылдым.

Ошол бойдон дайыны жок болуп жүрүп, 5 ай болгондо бир номур менен телефон чалып байланышты. "Кечирип кой, мен жаңылдым" деди. А, мен анын абалын түшүндүм. "Жаңылбаган адам болбойт, акчаң жок болсо айлыгың тийгенде кел" дедим. Макул деген, бирок келбей октябрь болду. Кайра байланышка чыкты. Бирок бул жолу ойлору, сѳздѳрү бузулуп калыптыр. Аны карай турган адам бар экенин да билдирди. "Андай болсо бизди унут, мен дагы башкага үйлѳнѳм" десем, мейли үйлѳн, балага жакшы апа болсо эле болду деди. Ошону менен байланыш үзүлдү», - деди ал.

Советбек мырза бош убактысында ыр да жаза коет. Ал таштап кеткен келинчегине тѳмѳнкүдѳй ыр жазган:

Ѳзүңсүз кала бердик, билсең, жалгыз,
Биз сага эмне кылдык, кѳңүл калгыс.
Бетиме кѳѳ сүйкѳдүң жууса кеткис,
Ушак сѳз жүрүп жатат кууса жеткис.

Айтыпсың досторуңа жаман кепти,
Бузуку дос-кыздарың неге жетти.
Азапка салып таштап кетсең деле,
Аркаңдан тийгизбедим жаман кепти.

Уйкусуз мына ушинтип таңдар атты,
Баламдын кѳздѳрүнѳн жаштар акты.
Жанымда күлүп дайым бирге жүрсѳң,
Сен таштап кетериңди байкабапмын.

Түшүнсѳң жүрѳгүмдѳ толо арман,
Эки айча сүтүң эмип балам калган.
Ак сүтүң Али балам издеп жатса,
Жарк эткен күн бузулду, ачык асман.

Балаңды салгым келди кѳңүлүңѳ,
Кудайым жашты кошсун ѳмүрүнѳ.
Наристе, ѳз баласын тѳрѳп таштап,
Ит-кушту мен кѳрбѳгѳм ѳмүрүмдѳ.

Сени да эгер билсең энең баккан,
Ак сүтүн берип, мээрим чачкан.
Наристе, ѳз баласын таштап качкан,
Ѳмүрүмдѳ кѳрбѳдүм макулуктан.

Жүрѳ бер, азыр жашсың, ачып кумар,
Билинбей агып бүтөр эчен суулар.
Ай ѳтүп жылга айланса сагынарсың,
Баламды бир кѳрсѳт деп жалынарсың.

Ыр кылып жазып чыктым жүрѳк сырын,
Түшүнсѳң, азыр бизге ѳтѳ кыйын.

Советбек Бейшебеков учурда Бишкек шаарында жашайт. Ага жардам берем дегендер болсо 0700 23 05 18 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×