Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуМосква району 18.03.2019 09:43

Айыл турмушу: Г.Усенова «40 кыз» сынагындагы Ж.Калмуратовага насаатчы болду (сүрөт, видео)

Turmush -  Лидер айымдарды коомчулукка таанытуу, улуттук салттык кийимдерди, өнөрлөрдү даңазалоо, маданият аркылуу карым-катнашты чыңдоо максатында «40 кыз» сынагы өткөрүлгөн. Иш-чаранын жобосунун негизинде Москва районунан катышкан 18 жаштагы Жасмин Калмуратовага насаатчы Гүлкайыр Усенова болгон.

Ал 34 жашта, Беловодск айылынын тургуну. Мукан Рыскулбеков атындагы көркөм өнөр музыкалык мектебинин директору. Анын маданият тармагындагы ишмердүүлүгү, өзгөчө «Кырк кыз» сынагындагы насаатчылык накыл-кептери менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, Кыргызстандын 40 районунан келишкен 40 таланттуу кыздар биринен-бири өткөн нукура сулуулугу, сымбаттуулугу, таланттуулугу менен айырмаланган. Албетте, бул «Сулуулар сынагы» эмес. Андан бир топ өзгөчөлөнүп турат. Негизгиси – аялзатка тиешелүү улуттук баалуулуктарды даңазалоо, райондор аралык маданий карым-катнашты, биримдикти түзүү, кыргыз коомундагы кыздардын жашоо образын ачуу.

«Ооба, кыргыз кыздарынын нукура жүзүн, руханий жан дүйнөсүн ачкан “40 кыз” сынагы өзүнүн улуттук баалуулугу менен өзгөчөлөндү. Унутулуп бара жаткан салттуулук ар тараптан чагылдырылды. 40 райондон келген 40 кыздын таланты, бирин-бири кайталабаган нукура өзгөчөлүгү көрөрмандардын купулуна толду. Кыздарыбызга жарашкан улуттук кийимдердин түрдүүлүгү, кыргыз аялзатына гана тиешелүү бөтөнчөлүгү сыймыктантты. Мен 18 жаштагы Жасмин Калмуратовага насаатчы болдум. Мындан эже-сиңдинин, накыл кеңештердин негизинде пикир алышуунун, бир чечимге келүүнүн, мамиленин жакындашуусун көрдүм. Жасмин кызыбыздын сулуулугу, сымбаттуулугу улуттук кийимди кийгенде нукура жүзү ачылды. Ал формаларды дизайнер Гүлжан Ташкенова даярдаган. Кызыбыздын токтоолугу, сабырдуулугу, сахнада өзүн алып жүрүүсү мени өзүнө тартты. Жаштыгына карабай ички дүйнөсүнүн кеңдиги, энергиялуугу, тыкандыгы экөөбүздү жакындатты. Ал учурда И.Арабаев атындагы КМУнун көркөм маданият жана билим берүү факультетинин 1-курсунун студенти. III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун активдүү катышуучусу. “40 кыз” сынагында сандык жана диплом менен сыйланды», - деди насаатчы Г.Усенова.

Сынактын жалпы жыйынтыгында дизайнер боюнча 40 райондон 8 район тандалып, Москва району 7-орунду ээлеген.

Насаатчы Гүлкайыр Усенова райондо, облуста, республикада өткөрүлгөн маданий иш-чаралардын туу башында турган айым. Өз жеринин, районунун атын таанытууга, даңазалоого дайыма аракеттенет. Ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Андан соң И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган.

«40 кыз» сынагында насаатчылык ишмердүүлүгү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ыраазычылык катына татыктуу болду. Буга чейин «Данакер лингво», «Тынчтык» жана башка төш белгилерди тагынган жана «Жылдын мыкты жетекчиси» дипломдорун алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×