Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуАламүдүн району 17.03.2019 19:00 Жаңыланды: 18.03.2019 08:01 На русском

Сүрөт, видео — «40 кызда» жеңүүчү болуп, 200 миң сом утуп алган аламүдүндүк Айдана Карагулова (маек)

Turmush -  14-мартта Бишкек шаарында «40 кыз» долбоору жыйынтыкталып, 1-орунду Аламүдүн районуна караштуу Бирдик айылынын 19 жаштагы тургуну Айдана Карагулова ээлеген. Ал камыр жууруп, аны жаюу, жаа атуу боюнча жана башка бир катар сынактарда өзүн мыкты көрсөтүп, уюштуруучулар тарабынан 200 миң сом менен сыйланды.

Долбоордон кийин сахнаны, жашоону сүйүп калган Айдана менен аймактык кабарчы маектешти.

- «40 кыз» долбооруна кантип катышып калдыңыз?

- Насаатчым кастинг уюштуруп жатканын билип бардым. Анан кѳп кыздардын ичинен мени тандап алды. Анткени кѳпчүлүк кыздардын кашында татуажы бар экен. Ошентип катышып калдым.

- Сынакта гана эмес, жашооңузда дагы боёнбойсузбу?

- Ооба, кѳп деле боёно бербейм. Майрамдарда эле боёнбосом башка учурда боёнбойм. Жанымдагы курбу кыздарым дагы «боёнбой эле жүрѳ бересиң» деп кѳп айтышат. Мен боёнуп алсам баарына окшошуп калам, ѳзгѳчѳлѳнбѳй калам деп ойлойм. Табият берген сулуулугумду жашыргандын деле кажети жок.

- Сынакта кандай тапшырмалар болду жана канча күн даярдандыңыз? Жеңүүчү катары сиздин атыңыз аталганда кандай сезимдер болду?

- 1-март күнү продюсерлер менен жолуктук. Бизге программаларды беришти. Камыр жууруу, аны жаюу, жаа атуу жана ѳз ѳнѳрүбүздү кѳрсөтүү боюнча тапшырмалар болот деп айтышкан. Ошол күндѳн баштап кызуу даярдана баштадым. Күндѳ үй-бүлөмө камырдан тамак жасап берип машыгып жаттым. Жаа атуу боюнча курска жазылып, аны 4-5 күндѳ эле үйрѳнүп кеттим. Жаа атуу боюнча эки кыз эң жогорку балл алдык. Монолог айттым. Аны даярдоодо Б.Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайында эмгектенген Кундуз Макеева эжекемдин салымы чоң.

Жеңүүчү деп аталганда аябай кубандым, толкундандым, ыйладым. Сезимдерди сѳз менен жеткирип бере албайм. Менин атым аталгандан кийин залда отурган ата-энем менден ѳтүп толкунданып, кубанып, сахнага кантип чыкканын ѳздѳрү билбей калышыптыр. Ата-энем болбосо бул жеңишке жетпейт болчумун. Жеңишимди үй-бүлѳмѳ арнадым жана ийилип таазим этем.

- Келечектеги максаттарыңыз?

- Албетте, Кыргызстандын ѳнүгүшүнѳ ѳз салымымды кошкон кыздардан болсом дейм. Ата-энемдин жана элимдин сыймыгы болгум келет. Келечекте бала кезимден бери кыялданып жүргѳн актриса болгум келет. Сахнада роль ойноп, кинолорго тартылсам дейм.

- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз, эмнеге кызыгасыз?

- Университетибизде «Манастын кыздары» деген бий тобу бар. Ошол топтун мүчѳсүмүн. Андан тышкары вокалга жана сүрѳт тартуу боюнча курска барам.

- Долбоордун алкагында эсте калган учурду айта кетсеңиз.

- Ар бир күн кызыктуу ѳтүп жатты. Соңку күнү Спорт ордосунда боло турчу концертте аябай кѳп кызыктуу окуялар болду. Кызыгы, мен сахнадан такыр корккон да жокмун, сүрдѳгѳн да жокмун. Сахнадан кетким келбей, жеке концерт бергим келип калды. Деги койчу, жашагым келип кетти, чиркин! Анан ошол күнү сахнаны канчалык сүйүп калганымды сездим.

- Ѳзүңүз жѳнүндѳ, ата-эне, бир туугандарыңыз, билимиңиз тууралуу айтып берсеңиз.

- Ѳзүм №62 мектеп гимназиясын бүтүргѳм. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин графика бөлүмүндө окуйм. Ата-энем чыгармачыл адамдар. Атам К.Тиленчиев атындагы опера жана балет театрында иштесе, апам Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде эмгектенет. 3 бир туугандын кичүүсүмүн. Эки агамдын эрке карындашы болом. Улуу агам 29 жашта болсо, экинчи агам 27 жашта.

«40 кыз» долбоорунда 2-орунду Нарын облусунун Ак-Талаа районунун атынан катышкан 22 жаштагы Нурия Жаныбек кызы алган.

Ал эми 3-орунду Талас облусунун Манас районунун атынан катышкан 19 жаштагы Айжамал Бабыркулова ээлеген.

Долбоорго катышкан 40 кыздын сүрөттөрү бул шилтемеде

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×