Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЧүй району 17.03.2019 15:28 На русском

Чүйдө 40 млн сомдук спорт комплекс курулуп баштады (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айылында 40 млн сомдун тегерегиндеги акча каражатына заманбап спорт комплекстин имаратынын курулушу башталды. Райондук мамлекеттик администрация тарабынан демилгеленип, Тайвань фондунун колдоосуна алынган спорттук комплекстин капсуласы 15-мартта салтанаттуу түрдѳ салынды, деп маалымдайт райадминистрация.

«Чүй районундагы жаштарды дени сак жашоого үндѳѳ жана спортту жаштар арасында жайылтуу максатында Чүй айлында ушундай заманбап, чоң спорт комплекс курулуп баштады. Курулуш иши долбоор боюнча 2020-жылдын жай мезгилинде бүтѳт. Комплекс 2 кабаттан туруп, 1-кабатында фитнес клуб, конференция залы, жуунучу жайы болсо, 2-кабатта футбол, волейбол, баскетбол жана башка спорт залдары болот», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×