Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЖайыл району 15.03.2019 15:39 На русском

Жайылда жөө жүргүнчүнү унаа коюп кетти. Айдоочу кандай жаза алды?

Turmush -  Жайыл райондук соту Дамирдин (аты-жөнү өзгөртүлдү, Д.Д.Б.) кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Маалым болгондой, 2017-жылы 20-февралда болжол менен саат 02:30 чамасында соттолуучу Чалдовар—Бишкек унаа жолунда «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, 1984-жылы туулган адамды жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан.

Сот жыйынтыгында Дамирди күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркиндигинен жана 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыратты.

Сот жазаны шарттуу деп эсептеп, 3 жыл сыноо мөөнөтүн белгилөө токтомун чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×