Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуКемин району 12.03.2019 10:44

«Жаздын жыты аялзат»: Кеминдин Жаӊы-Алыш айылында айымдар өнөрлөрүн көрсөтүштү

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаӊы-Алыш айыл аймагында «Жаздын жыты аялзат» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын алкагында маданий кароо-сынак жарыяланып, ага төрт команда катышты.

Аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысынын айтымында, сынакка катышкан төрт команданын курамын айыл өкмөттөгү айымдар, мектеп мугалимдери, бала бакча кызматкерлери жана айылдын келиндери толукташты.

«Сынакка "Айгүл" тайпасы (айыл өкмөт), "Эне мээрими" (бала бакча) тайпасы, "Мээрим" командасы (мектеп) жана "Кыз-Жибек" (айыл келиндери) тайпасы катышты. "Айгүл" тайпасынын койгон интермедиясы кызыктуу болду. Элдин баарына жакты десем болот», - деди ал.

Аталган сынакта 1-орунду «Эне мээрими», 2-орунду «Айгүл» тайпасы, 3-орунду «Мээрим» тайпасы жеңсе, 4-орунду «Кыз-Жибек» тайпасы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×