Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЖайыл району 09.03.2019 12:18 На русском

Жайылдагы кызыл-дыйкандыктар чоң жолдогу коопсуздук маселесин чечип берүүнү суранышууда

Turmush -  Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылынын тургундары жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маселени чечип берүүнү суранып келишет. Себеби, аталган айылдын балдары мектепке баруу үчүн күн сайын чоң жолду кесип өтүүгө мажбур.

Аталган чоң жол Бишкек шаарын көздөй кетет. Бул жолдон Бишкектен Ошко же болбосо Оштон Бишкекке карай бара жаткан айдоочулар өтүшөт. Андан сырткары чоң жолдон Таласка каттаган таксисттер да өтүшөт.

Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн тургундары жогорудагы маселе менен Жайыл районунун жетекчилигине кайрылышты.

Ата-энелерден сырткары мугалимдер дагы окуучулардын коопсуздугунан кабатыр болушат.

«Аталган жол кууш, унаалар абдан көп өтөт. Бул жол мынча унаага эсептелинген эмес. Күндө эртең менен окуучулардын коопсуздугун ойлоп, аларды жол боюнда күтүп турабыз. Айтайын дегенибиз окуп жаткандар жол эрежесин сактаса дагы, айдоочулар сактабайт. Бул сөз өзгөчө такси кызматкерлерине тиешелүү. Ылдам айдаганы аз келгенсип, кээде алдыдагы унаадан ашып өтүү үчүн каршы жолго түшүп алышат. Жолдон өтүп бара жаткан балдарды токтоп өткөрүп коюунун ордуна, сигнал беришип, бизди өткөрүп койгула дешүүдө. Бул көрүнүш жол кыймылына тиешелүү бардык белгилер бар болгонуна карабастан кайталанууда. Алар менен сүйлөшүү мүмкүн эмес. Себеби, чоң жолдо эч ким токтобойт. Жол чырак коюу талабына мындай кыймыл убактылуу, себеби, Бишкек — Кара-Балта жолдору оңдолуп жатат деп түшүндүрүштү. Негизги жол оңдолуп жаткандыктан, көпчүлүгү биздин жол менен өтүшүүдө. Окуучулардын коопсуздугун бекемдөө максатында, жолдорго кошумча белгилерди коюп берүүнү убада кылышты. Андан сырткары окуучуларга жол эрежеси боюнча кошумча сабактар өтүлүүдө», - дейт Кызыл-Дыйкан орто мектебинин мугалими Закирова Дүйшөкан.

Мугалимдердин айтымына караганда, жолдордо тротуарлар жок болгондуктан, абал оорлошуп бара жатат. Окуучулар жолдун жээги менен барууга мажбур. «Айылдын тургундары жашаган жерлерин жолдун жээгине чейин короолоп алышкан. Ошондуктан дагы тротуарлар жок. Тротуарлардын жоктугу дагы жол кыймылынын коопсуздугуна таасирин тийгизет», - дейт мугалимдер.

Аталган маселени жол боюндагы дүкөндүн ээси Рыскүл дагы тастыктаган. Анын айтымында, айыл тургундары бир нече жыл маселени чечип берүү өтүнүчү менен инстанцияларга кайрылышкан. Ошондон кийин жолго белгилер орнотулган. Бирок айдоочулар аларга көңүл бөлүшпөйт.

«Негизи калктуу конушка кирип жатканда ылдамдыкты саатына 60 чакырымга чейин чектөө керек. Бирок буга баары эле кол шилтеп, көңүл кош мамиле кылышат. Менин оюмча, жолго жол чырак коюп, жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер иштеп баштаса, жол эрежеси сакталып калса керек. Бул жерде кырсык көп болот. Өткөн жылы улгайып калган кишини унаа сүзүп кетип, алган жаракатынан улам каза болуп калган. Окуучулар дагы кырсыктап калган учурлар көп кездешет. Бул жолго видеокамера керек. Бул да болсо айдоочуларга таасирин тийгизсе керек. Күн сайын оор жүк ташыган унаалар өтөт. Бул жол мынчалык оор жүккө эсептелинген эмес. 8 тоннага чейинки жүккө уруксат берилген, бирок бул жазууга караган бир жан жок, алар өтүп бара жаткан учурда дүкөндүн ичи бир ирет калдырап анан токтойт. Мен бул айылда 20 жылдан бери жашайм. Бишкек — Кара-Балта жолу бүтсө унаалар азаят деген сөз карандай калп. Биздин жол унаалардын өтүүсү үчүн абдан ыңгайлуу. Биринчиден, бул жерде унаалардын агымы аз, экинчиден жол кыймылын көзөмөлдөгөн эч ким жок. Ошондуктан бул чоң жолдон айдоочулар жол эрежесине түкүрүп коюп, каалгандай айдап жүрүшөт», - дейт айыл тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×