Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусу, Кант 06.03.2019 13:20

Аялдардын эл аралык күнү: Кант шаарында апаларга арналган концерт өттү (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата «Эргүү» («Вдохновения») жана «Теңтуштар» («Ровесники») хореографиялык ансамблинин апаларга арналган концерти болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ансамблдин жетекчилери — Татьяна Вячеславовна Подлесная, Олеся Михайловна Чабан тарбиялаган жаш бийчилер концерттик программаны шаңга бөлөп, ар улуттун бийлерин аткарышты.

Учурда аталган ансамблдарда 200гө жакын бийчи бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×