Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Чүй облусуМосква району 04.03.2019 11:29 На русском

«Дайынсыз жоголгон кыз курбусунун сүрөтү менен колго түшкөн»: Погончон айым окуусуна поезд менен каттачу

Turmush -  Чүй облусунун Москва РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны, ок атуу боюнча спорттун чебери — 29 жаштагы Мээрим Тиленчиева Беловодск айылынын тургуну.

Ал 1990-жылы 5-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдөгү 4 бир туугандын эң кенжеси болгондуктан атасы Садыбакас менен апасы Зууракандын эрке кызы, куттуу коломтонун сүймөнчүгү. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Үй-бүлөлүк турмуш шартка, жашоо жагдайына карай окуучулук күндөрүн, балалык курагын көптөгөн жайларда өткөргөн. Тоңдо, Кеминде, Кочкордо, Бишкекте (мектептен) билим алып, 2007-жылы Токмоктогу Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар колледжин аяктаган. Андан соң апасынын каалоосу, сунушу менен милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясында билим алып баштаган.

«Көп жерден билим алдым. Орус тилинде да эркин сүйлөөгө жетиштим. Эмнегедир кесип тандоого келгенде апам “милиция бол, кызым. Анын кийими да сага жакшы жарашат. Өзүң да эркек мүнөзсүң, жүргөн-турганың, кыймыл-аракетиң төп келет. Мен ошону көптөн бери жараткандан тилеп жүрөм. Көрөсүң, кезегинде келишкен кыз, бактылуу жубай болосуң” деп, ак батасын арнаган. Жакшы тилек орундалып, студенттик күндөрдүн алгачкы кадамдары башталды. Токмоктон Бишкекке каттап окудум. Сабактар оор, күндө дене тарбиялык машыгуу... Бир күнү окууга кечигип келдим. Тизилип турган студенттердин катарынан 4 бала жана жалгыз мен алдыга чыктык. Кечиккен күнөөмдү мойнума алып, ичимден буулугуп, өзүмдү-өзүм жемелеп турдум. Агайымдын көз карашынан “кыз баланын кечиккени өтө уят. Тартип керек. Ар дайым тыкан болуу зарыл. Коомдук тартип силерден башталат” деген жазууну ички дүйнөм, жүрөгүм окуду. Ошондон баштап, күндө саат беште туруп, Токмок—Бишкек темир жол каттамындагы поезд менен академияга эрте келчү болдум.

Арадан бир ай өткөн соң, академиядан 5 студент Россиядагы ИИМдин университетинен билим алуубузду улантууга жөнөп кеттик. Анда мен 17 жашта элем. Атам, апам Бишкектен поезд менен Москвага жалгыз жөнөтүшкөн. Азыр ойлосом бир чети корком, таң калам. Анда мындай сезим болгон эмес. Чоң шаарга барып окууга бүткүл оюм, жүрөгүм толуп калган. Коркуу, жалгыздык дегенди билбептирмин. Байкем Мирландын досу Канат биз бара турган окуу жайда окучу. Бир жолу эс алууга келгенде мага окуу жай, кантип баруу керектиги жөнүндө түшүнүк берген. Ошол мага жол картасы болду окшойт. Баса, Канат байке жарашыктуу кийим кийип, өзүн таза, тыкан, сергек алып жүргөндүгүн апам байкоо салып жүргөн тура. “Кызым да ушундай болсо, милициянын окуусунда окуса” деп кыялданчу экен. Азыр ошону айтып калат. Барган сайын жаш баладай мойнунан кучактап, эне жытын искейм. Ар майрамда кучак толгон гүл сунам. 8-мартты чыдамсыздык менен күтөм», - дейт милициянын капитаны.

Ошентип, Москвадагы студенттик күндөр башталат. Ошондо Кыргызстандан барган 5 студенттин ичиндеги 4 баланын бири Райымберди каарманыбыздын түбөлүк жолдошу, балдарынын сүйүктүү атасы болорун түк ойлогон да эмес.

Аны мындайча эскерет: «Жолдошум экөөбүз Москвадан тааныштык. Алгач курсташ, жердеш катары учурашып жүрдүк. 4-курстан баштап экөөбүздүн ортобузда ынак мамиле түзүлдү. 2007-2012-жылдарда чогуу окуп, экөөбүз тең университетти артыкчылык диплом менен аяктадык. Окууну бүтүп, Кыргызстанга келген соң, июль айында баш коштук. Үйлөнүү үлпөт тоюбузду өткөрдүк. Ошентип, Беловодск айылына келин болгом. Уулубуз Мураталин 6 жашта, ал эми кызыбыз Акылай 3 жашта», - деди.

Спортко болгон ышкыбоздугу кесибин сүйгөндүгүн тастыктайт. Спорттун кол күрөш боюнча түрүнөн республикада 1-орунду, ок атуу боюнча чемпионатта облуста «2018-жылдын спорттун мыкты чебери» ардак грамотасын алгандыгына сыймыктанат. Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөдө ишмердүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын жамааты да кубаттайт.

«Мындай бир окуя болгон. Аймагыбыздан бир кыз дайынсыз жоголуп кетет. Бизге түшкөн болжолдуу маалымат боюнча Бишкекте, "Ош" базарында жүргөнү айтылат. Биз, милиция кызматкерлери ал кызды издөө процессине түштүк. Колубузда болгону жоголгон кыздын кичине кезиндеги чакан сүрөтү. Болгону ошол... "Ош" базарын кыдырып аябай чарчадык. Күн да кечтеп кетти. Күүгүмдө мөмө-жемиш сатып жаткан аялга барып, максатыбызды түшүндүрүп, кыздын атын айтып, сүрөтүн көрсөттүк. “Билем бул кызды. Мен да Москва районунан болом. Менин кызымдын курбусу. Мына кызымдын сүрөтү да жанымда” деп аял сүрөттү бизге берди. Биздин болжолубуз боюнча ал кыз кафеде официант болуп жүрсө керек деген ой пайда болду. Чач жасалгалоочу жайга барып сураштырсак “Ооба, кечинде ушул кафеге жаш кыздар да келишет” дешти. Караңгы да кирди. Мен кесиптештериме, "таппасак кетпейбиз, түнү менен издейбиз" деген шарт койдум. Алар бири-бирин карап, баштарын ийкеп коюшту. Түнкү саат 22:00-23:00 болсо керек, кафеге кирип, биз кызды сыртынан гана тааныдык. Окшоштурдук окшойт... Айылдык кыздар айырмаланып турат эмеспи. Акырын чакырып, курбусунун сүрөтүн көргөздүк. "Бул Айжанбы? Сенин курбуң да. Ал эми сенин атың Алмаш эмеспи? Мурат байкенин кызы болосуңбу?" дегенбиз (аттары өзгөртүү менен берилди). Ошондо ал кыз бозоруп, кызарып туруп берген. Ошентип, курбусунун сүрөтүн көрсөтүп, качкан кызды тапканбыз», - деди спорттун чебери.

Мээрим Тиленчиева эртең, 5-мартта 29 жашка толот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×