Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуЖайыл району 03.03.2019 22:40 На русском

Өлүм менен коштолгон туулган күн: Тоңуп калган денеси табылган Максим үйлөнүү үчүн акча чогултуп жаткан (сүрөт)

Turmush -  Ушул жылдын 9-февралына караган түнү Жайыл районунун Эриктуу айылынын четинен Степное айылынын 26 жаштагы тургуну Максим Муравьевдун тоңуп калган жансыз денеси табылган. Ал 8-февраль күнү Кара-Балта шаарындагы кафеге досунун туулган күнүнө кетип, кайра үйүнө кайтып барган эмес.

Буга чейин Turmush басылмасы туулган күн белгилеп жаткандар спирт ичимдиктерин ичип жана алардын ортосунда жаңжал чыгып, айылга келип мушташканын, эртеси Максимдин курткасы жана бут кийими жок тоңуп калган денеси табылганын жазган. Аны 9-февралда айыл тургундары бир күн кечке издешкен. Ошол күнү бирге болгон досторунун айтымында, үйгө кайтып бара жатканда Максим дааратканага бара турганын айтып, унааны токтотууну суранган. Көпкө чейин жок болгон Максимди достору издеп, бирок таппай калышкан.

Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан тергөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Бирок Максимдин апасы Надежданын айтымында, тергөө иштери адилеттүү жүрбөй, досун талаага таштап кеткен балдардын жоопкерчилиги каралбай жатат.

«Окуя болгон күнү Максим Кара-Балтага Салык инспекциясына жана Мамлекеттик каттоо кызматына жер тилкесинин документтерин даярдоо үчүн кеткен. Ал үй жана сарай куруп, айыл чарба менен алектенүүнү пландап жаткан. Саат 17:30да атасына телефон чалып, бардык иштерди бүтүргөнүн, үйгө кеч келерин билдирген. Уулум жоопкерчиликтүү, ак ниеттүү, жаңжалдан алыс жүргөн жигит болгондуктан достору көп эле. Мисалы, ал декабрь айында досторунун чакыруусу менен Тажикстанга барып келген. Максим юрист адистиги боюнча билим алып, дипломго ээ болгондон кийин өз каалоосу менен Улуттук гвардиянын 714-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, бир нече сыйлыкка ээ болгон. Аскерден 2018-жылдын октябрь айында кайтып келген. 2019-жылы жогорку окуу жайда магистратурадан билим алууну улантып, өзү туулган айылда үй курууну пландап, үйлөнүү үчүн акча топтоп жаткан. Бирок ал акча аны акыркы сапарга узатууга жана жактоочу жалдаганга короду», - деди Надежда.

Анын айтымында, окуя болгон түнү уулу менен бирге жүргөн айдоочу жана 3 досу Максимди айылдан 30 чакырым алыстагы ээн жолго таштап кетишкен. Алар Максимдин жука кийинип жүргөнүн көрүп, анын курткасы унаада экенин билип туруп, 20 градус суукта калтырып, өздөрү үйлөрүнө тарап кетишкен.

«Эне катары менин тергөөчүлөргө бир нече суроом бар. Эмне үчүн биз ошол түнү менин баламды көргөн күбөлөрдү өзүбүз суракка алып жатабыз? Тергөө органдарынын бир дагы кызматкери кафенин кызматкерлерин суракка алып, балдардын ал жактан саат канчада чыгып кеткени боюнча, алардын абалы жана ортосунда чыр-чатак болуп же болбогондугу жөнүндө маалыматтарды сураган жок. Официанттын айтымында, кафе саат 23:00дө жабылган. Ал эми Степное айылынын бир тургуну балдар айылга саат 00:30да келгенин айткан. Кошуналарга дагы суроолор берилген эмес. Андан тышкары бизге уулумдун денеси 11-февралда экспертизадан өткөрүлө турганын эскертишкен. Бирок аны ыкчам түрдө жекшемби күнү Максимди жолго калтырып кеткен балдардын туугандарынын катышуусунда жүргүзүшүптүр. Бизге өлүк союлгандан кийин "денени алып кеткиле" деп айтышты. Экспертизанын жыйынтыгында Максимдин денесинде эч кандай жаракат жок экендигин, мушташтын белгилери аныкталбагандыгын жана уулум сууктун кесепетинен каза болгонун көрсөтүшкөн. Бирок Максимдин бетинде тытык жана көгөргөн жерлер болгон. Оң колу канаганча сабалган.

Мындан тышкары досторунун алгачкы жана андан кийинки көрсөтмөлөрү дагы айырмаланып жатат. Максимдин өлгөнүн билбеген досу үйгө бара жатканда менин балам унаанын багажын талкалап сала жаздаганын айткан. Бирок азыр алар Максим унаанын ичинде эле отурганын айтып жатышат. Биринчи сурактан кийин достор үйгө келе жатканда алардын ортосунда чыр-чатак чыкканын айыл тургундары айтып башташкан. Болжолдуу түрдө окуя мындай болгон. Айдоочу унааны токтотуп, балдар көчөгө чыгып мушташа кетишкен. Максим соккудан качканда анын курткасы туулган күн ээси Т.А.нын колунда калып калган. Максим чыр-чатактан качып, унаадан алыс кетип калган. Азыр достору Максим дааратканага баруу үчүн унааны токтотууну суранып, эшикке чыгып жоголуп кеткендигин жана аны 1,5 саат издешкенин, таппай калган соң үйлөрүнө тарап кетишкенин айтып жатышат. Ошондой болгон күндө да биринчиден, алардын аракеттери кафеден чыгып айылга келген убакытка дал келбей жатат.

Экинчиден, алар туугандарына, айылдаштарына Максим суукта талаада калып калганын айтышкан эмес. Түндө Максимди жолдо калтырып салышканын билгенден кийин эртеси күнү, күндүн экинчи жарымында издеп баштаганбыз. Досторунун каалоосу болсо, аны жоголгондон кийин алгачкы сааттарда эле таап алмакпыз. Максим жакынкы айылдын жарыктарын көздөй 8 км жол басыптыр. Айылга болгону 500 метр жетпей калыптыр», - дейт маркумдун апасы.

Надежда: «Окуянын аягы кылмыш ишин козгоо талабы четке кагылып, баламдын өлөрүн билип туруп унаадан түшүрүп салышкандарды эмес, анын өзүн күнөөлөгөнгө бара жатат. Азыр акча жана байланышы барлар баарын чечип турган мезгил. Алар Максимдин достору деп аталган балдардын ата-энелеринде бар», - деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×