Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусуЖайыл району 05.03.2019 12:25 На русском

Жайылдагы окуялар: Аялы ата-энесине кеткенде башкага үйлөнүп алган киши жана ишкердин өлүмү

Turmush -  42 жаштагы Максат Бегалиев 1999-жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенип келет. Ал бала кезинен эле милиционер болууну кыялданып, классташынын тергөөчү атасынан үлгү алганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Максат Бегалиев 11 жыл Жайыл РИИБде иштеп, 2008-жылы убактылуу кармоочу жайдын башчысы болгон. Андан кийин 2010-жылы участкалык тескөөчү болуп которулган. Милициянын капитаны учурда Сосновка айылындагы милиция бөлүмүндө иштеп жатат.

«Мага милиционерлердин формасы жакчу. Участкалык милиционер көчөдөн өткөндө ага абдан суктанчу элем. Милиция кызматкери өзгөчө жана тартипке жооптуу адам деп түшүнчүмүн. Мектепти аяктагандан кийин дароо эле аскерге чакырылдым. 1,5 жыл кызмат өтөп, наабайканага, андан кийин Бишкектеги дүкөнгө жумушка орноштум. Жакшы эле эмгек акы алчумун. Курдаштарым менен жолукканда алардын пландарын угуп, ыңгайсыз болчумун. Келечектеги жашоомо максат жетишпей жатканын түшүндүм. Бала кезимдеги кыялымды эстеп, ИИМдин Ш.Шабиров атындагы окуу борборуна тапшырдым», - деди ал.

Максат Бегалиев 21 жашында окууну аяктап, Жайыл РИИБге жумушка орношкон. Анын айтымында, убактылуу кармоочу жайда иштеген кызматкерлердин жумушу өзгөчөлөнөт. Себеби алар камакка алынган адамдар менен байланыш түзүүгө туура келет.

«Көпчүлүк учурда убактылуу кармоочу жайга биринчи жолу түшкөн адам камактагы башка адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин өзгөрүп кетет. Ал кайрадан бул мекемеге түшсө ал жердеги адамдардын түшүнүгү менен жашап, алардын лексиконун колдонуп калат. Алардын арасында жаңжал чыкканда милиционер катары абалды жөнгө салган учурларым болду. Бирок аялдарды тынчтандыруу баарынан оор. Алар көбүнчө уурулук, алдамчылык боюнча жана күйөөлөрүн өлтүрүп камалышат», - дейт капитан.

Максат Бегалиев алгач камактагы адамдар отурган камерага кирүү коркунучтуу болгонун жашырбайт.

«Мен конвоир катары көптөгөн сот процесстерине катыштым. Ал учурда азыркыга салыштырмалуу майда уурулук көп катталчу. Алардын көбү жумушу, акчасы жок, үй-бүлөсүн бага албай, ушундай кадамга барган. Ошондой эле чуулуу окуялар боюнча да сот отурумдарына күбө болдум. 2003-2004-жылдары Кара-Балта шаарында ишкерлердин өлүмү көп катталды. Бир жолу шектүү катары 9 адамдан турган топ кармалды. Алар тоногондон кийин өздөрүнүн курмандыктарын тирүү калтырышкан эмес. Алардын арасында жаш жигиттер да бар болчу. Сот залында шектүүлөрдүн арасында жабырлануучунун тааныштары, керек болсо туугандары бар экенин угуп, шок болгом. Сот 2 айга созулуп, айыпталуучулар 5 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган», - деди ал.

М.Бегалиев сот отурумдарына күбө болуп, юридикалык билимге ээ болгонун айтат.

«Мисалы, жарандар арыз менен кайрылганда дароо юридикалык жардам бере алам. Тактап айтканда, аларга кайсы органга кайрылуу натыйжалуу экенин айтып берем. Дайыма жаңжалды же маселени эки тарапты жараштыруу жолу менен чечкенге аракет кылам. Айрым учурларда үй-бүлөлүк жаңжалдарга күбө болобуз.

Бир айылда жашоо шарты жакшы үй-бүлө жашачу. Алардын эки баласы бар эле. Бир күнү жубайлардын ортосунда чыр чыкты. Аялы балдарын алып, ата-энесинин үйүнө кетип калды. Бир жумадан кийин кайтып келсе, үйүндө башка аял жашап, күйөөсүнө турмушка чыкканы жаткан экен. Бирок ал аял турмуш кура турган киши үй-бүлөлүү жана балалуу экенин билген эмес. Ал эми аталган адамдын мыйзамдуу жубайы жаңжал чыгарган. Эки аял ал киши жумуштан келгиче күтүп, окуянын чоо-жайын териштирип башташкан. Алар экөө тең бири-биринен кабары жок экени белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери чакырылгандан кийин ал адамга туугандары башка аял таап бергени аныкталган. Эки күн бою бул окуяга катышкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Биз экинчи аялдан жубайлар өз ара маселени чечкенче үйдөн кетип турууну суранганбыз. Эки аял тең милицияга бири-бирине карата арыз жазган. Жыйынтыгында жубайлар ажырашып, аталган адам экинчи аялга үйлөнгөн», - деди капитан.

Максат Бегалиев үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×