Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуКемин району 23.03.2019 20:06

Айыл турмушу: Сумкасын башына кийип, Ак-Түздү кыдырган С.Таманбаеванын окуясы (сүрөт)

Turmush -  Саадат Таманбева 2017-жылдын март айынан бери Кемин райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы болуп эмгектенип келет. Ал аткарган жумуштун арты менен Кеминдеги айрым айдоочулар чылым чегүүнү таштаган. С.Таманбаева менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1994-жылы Чүй районунун Он Бир-Жылга айыл өкмөтүнө караштуу Кайырма айылында төрөлгөн. Эмгек жолун 2012-жылы райондук социалдык фондунан баштаган.

«Биз элет жерлерин кыдырып, эл менен иштешкендиктен кызыктуу окуялар көп эле болот. Анда жумушка жаӊы кирип, айылдарды кыдырып баштаган кезим. Бизде тоонун жанында жайгашкан Ак-Түз деген айыл бар. Күзүндө болсо керек, ал айылга Кемин шаарындай эле көрүп жука кийинип баргам. Көрсө суук экен. Жылуу кийим албаптырмын. Кар аралаш жаан жаап, башым үшүгөнүнөн көтөрүп барган сумкамды башыма кийип, элдерге ден соолук боюнча маалымат бербей эле, өзүм суукка урунуп ооругам. Азыр Ак-Түз дегенде эле кайсы жылуу кийимдерди кийсем деп ойлонуп баштайм», - деди Саадат.

Саадат айым: «Азыркы учурда Кемин районуна караштуу 26 айылда 27 айылдык ден соолук комитеттери (АДК) иштейт. Биздин жумуш — АДКларга оорулардын алдын алуу боюнча маалымат берип, окутуу болуп саналат. Андан тышкары Кемин шаарында жайгашкан коомдук ден соолук комитети менен тыгыз иштешебиз. Мектептерде оорулардын алдын алуу боюнча семинарлар уюштурулуп турат. Биздин борбордун көп эле пайдасы бар. Мисалы, тамекинин зыяндуулугу жөнүндө акцияларды өткөрүп, шаардын ичиндеги таксисттердин өпкөсүндөгү истүү газдын өлчөмүн ченеп, маалымат кагаздарын таратып, кан басымдарын өлчөп беребиз. Ошондо өздөрүндөгү истүү газдын өлчөмүнө күбө болушуп, ойлонуп, чылым чеккенди таштаган таксисттер дагы кездешкен», - дейт С.Таманбаева.

Ал үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын апасы.

Тема боюнча: «Күйөө жолдоштон көзүмдү албай жалдырап...»: 24 жаштагы Саадаттын тойдон башталган махабаты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×