Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусу, Кант 27.02.2019 15:25

Машыгуу: Канттагы базардан чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кант шаарынын борбордук базарында тактикалык машыгуулардын алкагында 70 чарчы метр аянттагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар миистрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы, майор Азиз Эгембердиев билдирди.

«Өрткө каршы тактикалык машыгуу кечээ, 26-февралда Ысык-Ата районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Кант шаарынын борбордук базарында өткөрүлдү. План боюнча өрт борбордук базардын ортосунда белгиленип, ага эки өрт өчүрүчүү техника тартылган. Адам өмүрүнө коркунуч жаратпоо жана көп суммадагы материалдык чыгымга жол бербөө максатында 70 чарчы метрдеги өрт өз убагында өчүрүлдү. Куткаруучулар аталган базардын администрациясы менен биргеликте соодагерлерди жана кардарларды коопсуз жерге чыгарышты. Чогулган жарандарга өрттү алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деди А.Эгембердиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×