Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуСокулук району 27.02.2019 13:38

Сокулуктук спортчулар эрежесиз эр уруш боюнча Евразиянын чемпиону болушту (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Пахта айылынын спорттун самбо түрү менен машыккан спортчулары эрежесиз эр уруш боюнча Евразиянын чемпиону болушту. Аталган мелдеш Бишкек шаарында өткөн. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдагы спорт клубдун машыктыруучусу Бабыржан Жиенбаев билдирди.

«Менин окуучуларым аталган мелдеште жакшы жетишкендиктерге жетишти. 1-орунду Амиров Абдул Хаким, Батыров Умар, Исроилов Эркин, Арген жана Барчинай аттуу окуучуларым алса, 2-орунду Шамов Абдул Рауф, Искендеров Ибрагим жана Адилет аттуу окуучуларым жеӊип алышты. Ал эми 3-орунга Факиров Дилшот жана Эркибай уулу Актилек аттуу окуучуларым ээ болушту», - деди машыктыруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×