Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуКемин району 27.02.2019 13:19 На русском

Кеминдин 34 жаштагы акими Нурлан Шаршеналиевдин өмүр баяны

Turmush -  Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өмүр баяны:

Нурлан Шаршеналиев 1985-жылы 12-августта Нарын облусунда төрөлгөн. 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин каржы жана насыя факультетин аяктаган. 2013-жылы экинчи жогорку билимин алып, юрист адистигине ээ болгон. Кенже лейтенант наамын алган.

- 2008-жылдын 1-апрелинен баштап Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамадминистрациясында экономика жана каржы бөлүмүндө биринчи категориядагы адис;

- 2008-жылдын 1-август айынан тарта Октябрь райондук мамадминистрациясында экономика жана каржы бөлүмүндө жетектөөчү адис;

- 2009-жылдан 2011-жылга чейин аталган райондук мамадминистрацияда экономика, соода-сатык жана кызмат сектору бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2011-жылдын 29-апрелинен тарта Бишкек шаардык мэриясынын иштерди уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 2011-жылдан 2013-жылга чейин Бишкек шаардык мэриясынын укуктук камсыздоо жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп эмгектенген;

- 2013-жылдын 19-августунан тарта Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Ал үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

------------------------------------------------------------------------

- Чүй районунун акими Каныбек Апбасов 1980-жылы туулган;
- Сокулук районунун акими Таалайбек Корголдоев 1968-жылы туулган;
- Аламүдүн районунун акими Алтынбек Намазалиев 1981-жылы туулган;
- Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев 1970-жылы туулган;
- Москва районунун акими Өмүр Ногоев 1975-жылы туулган;
- Панфилов районунун акими Мелис Райымкулов 1965-жылы туулган;
- Ысык-Ата районунун акими Калмырза Кожомкулов 1957-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×