Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 21.02.2019 16:52

Айыл турмушу: 59 жаштагы К.Мамутова союз убагында Россиянын дарыканаларында иштеген (сүрөт)

Turmush -  Күлайым Мамутова Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Жоон-Төбө айылында 1959-жылы төрөлгөн. 39 жыл дарыканаларда эмгектенип, 58 жашында ардактуу эс алууга чыкты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, СССРдин убагында Россияга чейин барып иштеп келген.

«1976-жылы Кара-Буура районундагы Жоон-Төбө орто мектебин аяктагам. Андан соӊ 1978-жылдары Фрунзе медициналык окуу жайында окуп, аны 1980-жылы бүтүрдүм. 1980-жылы Фрунзе шаарындагы борбордук №1 дарыканада эмгек жолумду баштагам. 1983-жылы турмушка чыктым. 1987-жылы Сокулук райондук аймактык ооруканасынын дарыканасына жумушка кирдим. Ошентип 1996-жылы дарыкананын башчысынын орун басары болдум. 2000-жылдан баштап дарыкананын башчысы болуп эмгектенип келдим. 2019-жылдын 1-февралынан баштап ардактуу эс алууга чыктым. 58 жашта ардактуу эс алууга чыккан туура экен деп ойлоп койдум. Өкмөт муну жакшы карап чыккан. Ушул курак эс алууга ылайыктуу курак болуп калат экен. Жаштарга жаман-жакшы болуп, алардан жумуш талашпай, балдардын убайын көрүп, үйдө эс алууга эмне жетсин. Кээ бир аксакалдар дагы деле сакалын сүйрөп, жаштарга орун бербей жүрбөйбү. Андайлар бардык тармактан кездешет. Мен муну туура эмес деп ойлойм.

Россиянын дарыканаларында да 1983-жылдан 1987-жылга чейин эмгектенип келгем», - деди ал.

Күлайым апа үй-бүлөлүү, 3 баланын апасы.

«Улуу кызым Гүлмира менин жолумду жолдоп, фармацевт кесибин аркалап келе жатат. Андан кийинки уулум Чыңгыз жеке компаниялардын биринде эмгектенсе, үчүнчү кызым Гүлнура бухгалтер. Өзүм 5 неберенин бактылуу чоӊ энеси болдум», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×