Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 20.02.2019 21:34

Айыл турмушу: 6 унаа уткан 25 жаштагы саяпкер Абай алгачкы байгесин алганда ыйлаган (видео, сүрөт)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Алтынбек уулу Абай ат жарышка түшүп, эӊ алгачкы автоунаасын 17 жашында утуп алган. Ал бала кезинен бери саяпкерчилик менен алектенип, республикада өткөрүлгөн бир топ мелдештерге катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Атка кичинекей кезимден эле кызыгам. Бул өнөрдү аркалап калышыма эч ким деле түрткү болгон жок, болгону айылда элдин көбү мал чарба менен алектенет эмеспи. Ошондой эле айылда көк бөрү, ат жарыш оюндары байма-бай өткөрүлүп келет.

Көп эле аттарды таптадым. Алардын ичинен Надежда, Форсаж, Флеш, Миссури, Кундуз, Тайфун, Метеор, Желмогуз, Любезный, Чынара, Акжол аттуу аттарым өзгөчө болду. Чүй облусунун 90 жылдыгында Надежда аттуу атым менен 2 автоунаа уткам. Казарман айылында өткөн мелдеште Форсаж атым менен 1 автоунаа жана бир жылкы утуп келгем. Ал эми Флеш менен ипподромдо өткөрүлгөн оюнда дагы автоунаа утуп алсам, 9-май — Жеӊиш күндүн урматында дагы бир автоунаага ээ болгом. Соӊ-Көлдө дагы мелдеш өтүп турат эмеспи. Ошол жерден дагы бир автоунаанын ээси болгом. Негизинен байгелер көп эле. Автоунаадан сырткары акчалай, бодо малдарды да утуп жүрдүм», - деди ал.

Жаш саяпкер 8 жылдын ичинде 6 автоунаа уткан.

«Эӊ алгачкы жолу автоунаа утуп алганда кадимкидей көзүмдөн жаш аккан. Ал сүйүнүчтүн, канча жылдап жасаган эмгектин үзүрүн көрүп баштаганыма сыймыктануунун белгиси болчу. Ошондо 2011-жылы болсо керек. Форсаж аттуу атым менен Казармандагы оюнга катышканбыз. Байгеге «Ауди 100» үлгүсүндөгү унааны коюшкан. Ошентип азыркы күнгө чейин жалпы 6 автоунаа утуп алдым», - деди ал.

Анын айтымында, саяпкерлик оӊой-олтоӊ өнөр эмес, ага чоӊ жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек.

«Саяпкерлик оӊой-олтоӊ өнөр эмес. Ага көп жылдык эмгек, мээнет керек. Жоопкерчилиги да чоӊ. Сырттан караган адамга оӊой көрүнүшү мүмкүн. Бирок ошол саяпкерчилик менен жашап, алектенгениӊ эле ат болуп, колуӊ байланып калганда бул ишти жон териӊ менен сезесиӊ. Анан эӊ алгач атка кызыгууӊ болуш керек. Эгер кызыкпасаӊ, сенден эч нерсе чыкпайт. Кудайым буюрса алдыда дагы мыкты аттарды таптап, байгелүү орундарды алам деп ойлойм», - деди ал.

Алтынбек уулу Абай 1994-жылы 11-октябрда Сокулук районуна караштуу Сарбан айылында төрөлгөн.

«Өзүм үй-бүлөдө 4 бир туугандын эӊ кенже баласымын. Билимим орто. Келинчегим экөөбүз 2 кызды тарбиялап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×