Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусу, Токмок 19.02.2019 22:51

Айыл турмушу: Өзүнүн курагынан жаш көрүнгөн Наргизаны көпчүлүк аны балдарынын эжеси дешет (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 35 жаштагы тургуну Наргиза Муканбетова жаш көрүнгөндүктөн көпчүлүк аны балдарынын эжеси деп ойлошот. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Көп жылдап көрүшпөй жүргөндөр "балдарыӊ кичинекей кезинде кандай болсоӊ, азыр деле ошол бойдон экенсиӊ" деп айтышат. Тааныбагандар эки балам менен бир жактарга, конокторго барып калсам мени алардын эжеси экен деп ойлоп алышат. Раматылык атам өз курагынан жаш көрүнчү экен. Каныбызда бар го деп ойлойм. Албетте, аял киши өзүнүн ден соолугуна, жүрүм-турумуна, кийген киймине көӊүл бурса жаш көрүнсө керек.

Балдарым кичинекей кезинде эгиздей окшош болушчу. Аларды көбү эгиз экен деп ойлошчу. А, бирок ортолору 2 жаш. Өзүм дагы экөөнө окшош кийимдерди сатып берчүмүн. Афтандил 2001-жылы төрөлсө, Рамис 2003-жылы төрөлгөн. Экөө теӊ ушул Токмок шаардык аймактык ооруканадан төрөлүштү. Экөөнүн мүнөзү жумшак, боорукер. Аябай ынтымактуу. Афтандил Токмок шаарындагы №2 орто мектепте 9-класска чейин окуп, учурда жогорку окуу жайлардын биринде 2-курста билим алып жатат. Кичүү уулум Рамис Токмок шаарындагы №7 мектепте 9-класста окуп жатат», - деди ал.

Наргиза Муканбетова: «Афтандил окуусунан кийин спорт залга барып, 2 жылдан бери кикбокс менен машыгат. Ушул жылдар аралыгында эл аралык 5 беттеш өткөрүп, анын 4 беттешинде жеӊиштерге ээ болгон. Рамис болсо футбол менен алектенет. Райондук мелдештерге катышып, көп ийгиликтерге жетишип келе жатат. Афтандилдин атын намыстуу жигит болсун деп койгом. Ал эми Рамистин атын таенеси койгон.

Келечекке максаттарым көп. Кудайымдан тилегеним эле балдарымдын бактысы. Ушул балдарым татыктуу билим алып, жашоодо өз ордуларын таап, жакшы кесиптин ээлери болуп, кыргыз элимдин сыймыгы болсо деп ойлойм. Бактылуу үй-бүлө куруп, бакубат жашоодо жашашына көмөк көрсөткүм келет», - деди.

Ал 1984-жылы Нарын облусунда төрөлгөн.

«Нарын облусунун Ат-Башы районунда чоӊойдум. Токмок шаарындагы №34 лицейден билим алгам. Андан соӊ тикмечиликти үйрөнүп, ага удаа котормочулук кесипти дагы сырттан окуп бүткөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×