Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусу, Токмок 19.02.2019 08:21 На русском

Ата кесибин аркалоо, дасыккан ууруларды колго түшүрүү, үйгө чарчап келүү... Милиционер А.Бедалиевдин иши (сүрөт)

Turmush -  Токмок шаарындагы милиция кызматкери Алмазбек Бедалиев бир нече жылдан бери коомдук тартипти камсыздоо үчүн иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1975-жылы Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында төрөлгөн. ИИМдин академиясынан билим алып, милиция кесибине ээ болгон.

«Менин милиция кызматына келишиме атам түрткү болду десем жаңылышпайм. Атам жана туугандарым өз мезгилинде милиция кызматында иштешкен. Алардын форма кийип кызматка кетип жатышканын, адамдарды кылмышкерлерден куткарып, жабырлануучуларга жардам кылганы жөнүндө үйдө сөз болчу. Алардын айткан окуяларын угуп чоңойдум. Анан албетте кинолордон милиция кызматкерлери жөнүндө көрүп, аябай кызыкчумун. Ошентип бала күнүмдөн калыптанган, ой-санаама бүлүк салган милиция кызматына келдим. Милициянын жумушу оңой эмес. Кудайдын куттуу күнү үйгө бут тарта албай чарчап келесиң. Бирок жумуштан чарчап келгенде үйүңдө тынчтык, токчулук болуп турса, жубайың, балдарың жакшы маанай менен жадырап күлүп тосуп алышса, эртеден кечке чарчаганың бир заматта тарап кетет. Ата-энем 3 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрдү. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 2 уул, 2 кызым бар. Үчөө мектепте билим алса, кичүүсү 4 жашта. Келечекте элиме ак кызматымды өтөп берип, ардактуу эс алууга чыгып, балдарыма татыктуу тарбия берип, тынч үй-бүлөм менен оокат кылгым келет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушунда эсте калган окуяны эскерди.

«Иш үстүндө эсте калган окялар көп эле болот. Ошолордун эң эсимде калганын айтып берейин. Анда 2004-жыл болчу. Мен Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө (ГОМ-1) нөөмөткердин жардамчысы болуп кичи райондо иштечүмүн. Ошол мен иштеген кичи райондо жана Токмок шаарынын башка райондорунда жарым жылдан бери бай адамдардын үйүнө уурулукка кирген белгисиз адамдар пайда болду. Ошондой күндөрдүн биринде түнкү саат 02:30 чамаларында бир адам телефон чалып калды. Ал кошунамдыкына ууру кирди окшойт деп кабарлады. Мен жалгыз болчумун. Ыкчам аракет көрүп, жакын жердеги милиционерди уйкудан тургузуп, экөөбүз кылмыш болгон жерге жөнөдүк. Барсак батирдин кулпусу сынып, эшиги жабык жана жарыгы өчүк экен. Биз сактанып эки жагыбызга абай салып, колубуздагы жарыгыбызды (фонарик) күйгүзүп кирдик. Анан эле караңгы залда бир караан бизге сүр берип, тиштенип турган экен. Колуна лом кармап алыптыр. Биз ага «ломду ташта», деп айтсак ал таштамак турсун ломду бизге шилтеп, каршылык кыла баштады. Шеригим экөөбүз акырын ага жакындап, мындай кылган туура эмес экенин, уурулук адамды көпкө алып барбасын айтып жибиткенге аракет кылдык. Бирок ал бизге ломду акыркы жолу катуу ылдамдыкта шилтеп, кайра артка кетенчиктеп, терезеден жерге секирмекке аракет кылып калды. Ошондо бул батир экинчи кабатта болчу. Ал жерге секирген күндө да бир жерин оорутуп же сындырып алмак. Бирок биз аны терезени сындырып секирип кетеринде, артынан шап кармап калганга жетиштик. Адатта мындай дасыккан уурулар жалгыз болбойт. Жанындагы кишилер сыртта тосотто жатышы мүмкүн же атайын даярдап койгон унаа менен келип, салып кетиши мүмкүн. Кармалган баланы дароо алып чыгып кетпей, батирдин ичинен калган ууруларды күтмөй болдук. Убакыт аз болчу. Биз башкаларды чакырып же нөөмөт бөлүмгө барып келүүгө мүмкүн болбой турган. Айткандай эле арадан 10 мүнөт өткөн жок. Акырын сырттагы тепкич менен 2 караан шыбырашып сүйлөшүп, буттарынын учу менен басып келе жаткан дабыштары чыкты. Биз батирдин ичинде аларды барымтага алганга камданып калдык. Алар сыртка айдап келген унаасын токтотуп коюшкан. Кыязы, бири үйдүн ичиндеги уурдалчу оокаттарды чогултуп коймок. А булар дароо келип жүктөп кетишмек. Ошентип батирге эч капарсыз кирип келген 2 кылмышкерди дагы дароо басып жыгылдык. Бул үчөө жарым жылдан бери кармалбай, уурулукка кирген издерин жашырып, аябай кылдаттык менен кылмыш ишин жасап жүргөндөр болчу. Жарым жыл бою колго түшпөй, улам бир кишинин мүлктөрүн уурдап жүргөндөрдүн кылмыш ишине бөгөт коюлганына аябай сүйүнгөнбүз», - деди ал.

Алмазбек Бедалиев ИИМдин, облус жетекчилигинин, мэриянын жана райондук ички иштер кызматынын ардак баракчалары менен сыйланган. 2017-жылы Чүй облусу боюнча «Мыкты ыкчам нөөмөткери» наамын алган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×