Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 16.02.2019 12:02 На русском

Айыл турмушу: Спортко 18 жашында келген А.Жаналиева дзюдо боюнча өлкөнүн 5 жолку чемпиону болгон

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 32 жаштагы тургуну Айзада Жаналиева 18 жашынан тарта спорт дүйнөсүнө аралашып калган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 1987-жылы 18-март күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. 4 жашында Чүй облусуна ата-энеси болуп көчүп келишкен.

«Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. 5 кыз, 1 уул. Мен 4 жаш кезимде ата-энем болуп Чүй облусунуна көчүп келгенбиз. Ошентип 1-класстан 5- класска чейин Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында окудум. Андан кийин Бишкек шаарындагы №1 гимназия-интернаттында окуумду уланттым. Ал жактан 11-классты аяктаган соӊ, Олимпиадалык резервдик спорттук училищасына тапшырдым. Андан соӊ, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырдым», - деди ал.

Айзада биринчи машыктыруучусу Руслан Искеновдун алдында тарбияланып, аялдар күрөшү боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болгон. Кийин Ли Эдуарданын колунда дзюдо менен машыгып, Кыргызстандын 5 жолку чемпиону болууга жетишти.

«Мен негизи 18 жашыман спортко аралаштым. Анда аялдар күрөшүндө машыкчумун. Ошол учурда көптөгөн мелдештерге чыгып, 48-53 кг салмакта КРдин 4 жолку чемпиону болдум. 2009-жылы аялдар күрөшү боюнча спорт чебери наамын алдым. Ушул эле жылдан баштап спорттун дзюдо түрү менен машыга баштадым. Корей машыктыруучу Ли Эдуарданын колунда машыга баштадым. Ал эми аялдар күрөшү боюнча биринчи машыктыруучум Руслан Искеновду да айта кетпесем болбойт. Экөөнө теӊ абдан ыраазымын. Ли Эдуарда аттуу машыктыруучум Кыргызстанда көп жылдардан бери жашап келет. СССРдин эмгек сиӊирген машыктыруучусу наамын алган. Ошентип бул машыктыруучумдун жардамы жана өзүмдүн талыкпаган эмгегимдин арты менен дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын 5 жолку чемпиону болдум. 2011-жылы спорттун чебери наамын алдым», - деди ал.

Айзада кыдырып чыккан бир топ мамлекеттердин ичинен Германияга барган сапарын жакшы көрүп эстей берет.

«Сиздин жалпы канча медалыӊыз бар деген сурооӊузга так жооп бере албай жатам. Медалдарымды санаган эмесмин. Аябай көп. Болжол менен жүздөн ашуун медалым бар. Ал эми спорттун арты менен көптөгөн мамлекеттерди кыдырып көрдүм. Ал өлкөлөрдүн суусун ичип, абасынан дем алып, кооз жерлерине суктанып келдим. Бирок, өз мекениме жетпейт деп айтар элем. Мен Корея, Россия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Филиппин, Турция, Белоруссия, Өзбекстан, Казакстан, Германия, Таиланд жана башка мамлекеттерге бардым. Бул барган мамлекеттердин ичинен Германияга болгон сапарыбыз жаккан. Анткени ал жактан 2-орунду алып келгем. Спортчуга кайсы өлкөдөн алдыңкы орунду алып келсеӊ, ошол сапарыӊ жагып калат. Аны унутпай, дайым жылмайып эстейсиӊ.

Өзүм спортко шыгы бар жаштарды машыктырууну жакшы көрөм. Келечекте машыктыруучулук өнөрүмдү дагы улантып, Кыргызстандын желегин алыстарга желбиретип келген, мыкты-мыкты спортчуларды тарбиялап чыгаргым келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×