Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЖайыл району 15.02.2019 11:01

Айыл турмушу: Россияга кете турган досунун тишин тешип алган Бакыт Б.Устабаевдин окуясы (сүрөт)

Turmush -  Бакыт Устабаев 1976-жылы Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кызыл-Ой айылында төрөлгөн. Ал 19 жылдан бери кийме тиш жасап иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Суусамырда төрөлүп, балачагым абасы таза, салкын, тоолору бийик Кызыл-Ой айылында өттү. Орто мектепти бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы Республикалык бейтапканада тиш техникасы боюнча 1 жылдык курсту окудум. Иштегениме дээрлик 19 жыл болду. 19 жылдан бери кийме тиштердин түрүн жасайм. 2000-жылдан баштап 2004-жылга чейин №2 бейтапканада тиш жөндөгүч бөлүмүндө иштеп, 2005-жылдан баштап азыркы күнгө чейин №3 бейтапканада тиш дарылоо эмканасында иштеп жатам. Бул абдан майда жумуш жана көп убакытты талап кылат. Ар бир тишти жасоодо абдан кылдаттык менен мамиле жасайбыз жана ошол жасаган тиштерибиз биздин кардарларга жакса экен деп да сарсанаа болобуз», - деди ал.

Тиш доктур иш үстүндө болгон кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Андан сырткары жумуш учурунда көп кызыктуу окуялар да болот. Бир жолу окуп жүргөндө дос баламдын бүтө турган тишин тешип алгам. Ал эртеси Россияга кетмек. Ошентип Россияга да кетпей калып, абдан жини келген. Ошондон кийин ал дос балам ''сенин айыңдан Россияга кете албай калгам" деп тамашалап күлөт. Көбүнчө буйрутма Кыргызстандын ичинен эле келет», - деди ал.

Бакыт Устабаев 2 кыз, 1 уулдун атасы.

«Жубайым үйдө үй иштери менен алектенет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×