Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусу, Токмок 16.02.2019 18:03

Айыл турмушу: Мушкер Б.Рахматуллаев өзбекстандык спортчуну эң кыска убакытта сулата чаап жеңген (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 34 жаштагы тургуну, мушкер Бахтыжан Рахматуллаев 9 жашынан бери спорт менен машыгат. Ал спорттон ырахат алып, мүнөзүн курчутуу менен келечекте чемпион болгусу келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен спортко 9 жашымда келдим. Анда эркин күрөш менен машыкчумун. Спорт – бул эмне деген суроого менин түшүнүгүм менен жооп айтканда, бул биринчи кезекте өзүӊдүн күч-кубатыӊды, адеп-ахлакты жана эрктүүлүгүӊдү текшерүү болуп саналат. Спорт – бул кайталангыс эмоция. Бул эмоция беттешке чыгарда, утуу үчүн кудайдан суранганыӊда, күчүӊ калбай калганыӊды сезип турсаӊ да, баары бир мушташып жатканда келет. Анан да спортто чеги жок машыгуулар болот. Мелдешке чыкканда гана тыным албай машыкканыӊдын үзүрүн байкайсыӊ. Кайсы бир жерден ката кетиргениӊди моюндап, экинчи аны кайталабаганга аракет кыласыӊ. Спорт кээ бирлер үчүн жашоо образынын бир түрү болсо, айрымдар үчүн бүтүндөй жашоо. А, мен үчүн спорт – ырахат алуу, мүнөзүмдү курчутуу болуп саналат», - деди ал.

Бахтыжан өткөргөн беттештердин ичинен эӊ кыска убакытта өзбекстандык мушкерди сулата чаап жеӊгенин унутпайт.

«Мен 9 жашымдан бери көптөгөн мелдештерге чыгып келдим. Акыркы жылдардан бери эрежесиз эр уруш менен машыгып келе жатам. Мен чыккан мелдештердеги беттеш ар кандай убакыттарга созулат. Эӊ кыска убакыттагы мелдешим былтыр өзбекстандык мушкер менен болгон. Мен аны 1 мүнөт 25 секундда сулата чаап жеӊип алдым. Кудайым буюрса мындай мыкты көрсөткүчтөрдү дагы өркүндөтө берем деп ишенем. Келечекте чемпиондук курун тагынгым келет. Ушуну менен токтоп калбай, өзүмдүн спорт залымды ачып, күчтүү-күчтүү балдарды машыктырсам деген тилегим бар», - деди ал.

Бахтыжан Рахматуллаев 1985-жылы Токмок шаарында төрөлгөн.

«Үйдө апам, карындашым жана иним бар. Өзүм үйлөнгөм. Кудай буюрса тун наристебизди күтүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×