Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Талас облусуКара-Буура району 12.02.2019 09:53

Айыл турмушу: Кара-бууралык А.Турсункуловдун төө буурчак ишканасында ондогон адамдар иштеп жатат (видео)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 50 жаштагы тургуну Абдымалик Турсункулов 2 жылдан бери төө буурчак сорттоочу ишкана иштетип жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ишканага керектүүлөрдү атайын буйрутма Түркиядан алдырткан.

«Бул жерге ишемби, жекшемби күндөргө чейин 20дан ашык адам иштешет. Ишемби, жекшемби күндөрү ата-энелер балдарын алып келип, 40ка жакын жумушчу иштейт. Айыл элин иш менен камсыздадым. Саат 8:30дон 18:00го чейин жумуш болот. Көк-Сайдын башынан, этегине чейин атайын унаа барып, жумушчуларды ташып алып келет. Кайра үйлөрүнө жеткирип коёт. Бул ишканада атайын балдар электен чыккан төө буурчакты ташып, сорттогондорго төгүп беришет. Анан кайра тазасын алып, жыйнап коюшат. Айлыгын иштегендерине жараша төлөп берем. Килограмына 1 сом 20 тыйындан төлөнөт. Ар ким өзүнчө сорттошот. Ташыган балдарга кабына 30 сомдон төлөп берем.

Төө буурчакты негизинен өзүм көп өстүрөм. Бирде баа түшүп кетет, бирде көтөрүлүп, килограммынан 1-2 сом пайда көрүп калам. Ишкананын иштеп жатканына 2 жыл болду. Жумушчуларга шарт түзүлгөн. 20-25 градус суукта деле ичинде отуруп иштей беришет», - деди ал.

Ишканадагы жумушчулардын бири Мира Урсемова бул жерде иштеп жатканына 2 жыл болгондугун билдирди. Күнүнө 800-1000 сомдон маяна алат. Мира айым 6 баланын жалгыз бой энеси.

Ал эми 28 жаштагы Асылбек уулу Кубанычбек ишканада 4 айдан бери төө буурчак ташып эмгектенүүдө.

«Төө буурчак ташып берем. Сорттоп жаткандарга төө буурчакты төгүп берип, кайра стандарт кылып жыйнап коёбуз. «КамАЗ» келсе жүктөп жөнөтөбүз. Саат 8:00дон 18:00го чейин иштейбиз. Айлыгыбыз иштегенибизге жараша төлөнөт. Айына 30 миң сом алабыз. Ишкана ачылганы бизге жакшы болду. Көп адамдар иш менен камсыз болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×