Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Баракелде, Бишкек 12.02.2019 09:12

Видео — Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштады

Turmush -  Бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. Аппараттык-программалык комплекс борбордогу 10 кесилишке коюлган жана Бишкек менен Чүйдүн көчөлөрүндөгү 20 комплекс жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлдөп баштайт.

Ал эми Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет. Алар андан соң «Кыргыз почтасы» аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет. Буга чейин бардык материалдык-техникалык база даярдалып, тийиштүү окутуудан өткөн кызматкерлердин штаты түзүлгөн.

Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы иштер — аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айып пулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштелип, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек деп белгилейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×