Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Баракелде, Бишкек 12.02.2019 09:00 На русском

Бишкекте мас милиционер «Лексус» айдап бара жатып кырсыкка кабылды

Милиция
Милиция

Turmush -  Бишкекте мас абалдагы милиционер «Лексус» үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып кырсыкка учурады. Бул тууралуу АКИpress агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, ал канын текшертүү үчүн Наркологиялык борборго баруудан баш тарткан. Андан улам милициянын тобу чакырылып, аны Октябрь РИИБге жеткиришкен.

Бишкек ШИИБден аталган окуя 10-февралда болгондугун билдиришти. Анда «Лексус», «Дэу Нексия» жана «Тойота Марк 2» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. «Лексустун» айдоочусу мас абалда болгон. Ал алкоголь ичкен же ичпегендигин текшертүүдөн өтүүдөн баш тарткан. Андан кийин РИИБге жеткирилген. Башка унаалардын айдоочулары соо болгон. 3 унаа тең айып аянтчасына киргизилди. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×