Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Баракелде, Бишкек 12.02.2019 08:42 На русском

Бишкек россиялыктар үчүн КМШдагы эң романтикалуу шаарлардын катарына кирди

Ночной Бишкек
Ночной Бишкек
// a.olzhobaev

Turmush -  Бишкек россиялыктар үчүн КМШдагы эң романтикалуу шаарлардын тизмесинде 7-орунда турат. Бул тууралуу аналитикалык агенттиктин интернет сурамжылоосунда белгилүү болду.

ТурСтаттын маалыматына караганда, жылына миллиондон ашык россиялыктар КМШ өлкөлөрүнө саякатка барышат. Сурамжылоого катышкандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында КМШдагы романтикалуу шаарлардын тизмесиндеги алдыңкы орундары Казакстандын Астана шаары, Азербайжандын Баку шаары, Белоруссиянын Минск шаары, Молдованын Кишинев шаары, Грузиянын Тбилиси шаары алды. Андан кийинки орундарды Алмата, Бишкек жана Ереван ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×