Бөлүмдөр
Жума, 22-февраль
Нарын облусуАт-Башы району 11.02.2019 21:16

Айыл турмушу: А.Алымкуловдун окуучулары өрмөнү «бизнеске» айландырып, эмгектерин 500 сомго чейин сатууда

Turmush -  49 жаштагы Асанбек Алымкулов окуучулар үчүн эмгек сабагы боюнча өзүнүн автордук программасын иштеп чыкты. Ал 28 жылдан бери Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында эмгек сабагы боюнча мугалим болуп иштейт. Асанбек агай менен аймактык кабарчы маектешти.

«Кол эмгек сабагы боюнча мурунку союз убагында окутулган программалар эскирип, азыркы талапка жооп бербей калды. Айыл жерине ылайыкташтырып, окуучуларга кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн үйрөтүү максатында 2016-жылы республикалык деңгээлде семинар өткөрдүм. Анда өрмөчүлүк, ат жабдыктарын жасоо жана аны колдонуу ыкмалары, алардын аталышы, тарыхы жөнүндө сөз болду. Эң негизгиси “Манас” эпосундагы ат жабдыктарынын аталышы, баяндалышы, колдонулушу жөнүндө айтылды. Кыргыз эли мал киндиктүү эмеспи, баарыбыз мал кармайбыз. Ошол малды байлаганга, жетелегенге, аркандаганга жабдыктар керек», - деди ал.

Агай «Ат жабдыктарын өрүп жасоо, кайыш жип менен иштөө» деген аталыштагы китеп жазган. Бул китеп Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Ат-Башы районунда окутулуп жатат.

«Бирок дагы деле көп толуктоолор керек. Күндө толуктап жатам», - дейт ал.

Асанбек Алымкулов мырза өрмөктөрдү, ат жабдыктарын 10 жылдан бери изилдеп келет. Алардын жасалышы тууралуу "Манас" эпосун окуп жатып үйрөнгөн.

«Өрмө десе эле ат жабдыгын жасоо деп ойлойбуз. Андай эмес. Түрлөрү көп. Кыздар үчүн дагы ылайыкталган өрмөнүн түрүн иштеп чыктык. "Манас" эпосубуз канча кылымды карытты, а бирок ээр чабууну бүгүнкү күнгө чейин сактап келе жатабыз. Бирок ат жабдыктарынын маанисин эч ким билбейт. Мен ошолорду таанытайын деп атайын автордук программанын үстүнөн иштеп жатам», - деди мугалим мырза.

Анын айтымында, окуучулары өзү үйрөткөн өрмө өнөрүн бизнеске айландырышкан. Ак-Муз айылынын 90 пайыз балдары өрмөктү билишет. Алар камчыларды жасап, дүкөндөрдөн 300-500 сомго сатышат. Бир окуучусу ушундай буюмдарды сатып жүрүп окууга өтүп, билим алып жатат.

Асанбек Алымкулов учурда Боогачы атындагы орто мектепте эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×