Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусу, Кара-Балта 10.02.2019 19:24 Жаңыланды: 10.02.2019 19:24

«Жаман окуганы үчүн мектептен чыгарылган»: Мирлан Мурзаевдин атасы футболчу тууралуу айтып берди (сүрөт)

Мирлан Мурзаев
Мирлан Мурзаев

Turmush -  Turmush басылмасынын кабарчысы Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин Кара-Балта шаарында жашаган ата-энеси менен жолугуп, анын балалыгы, спорттогу жетишкендиктери тууралуу маектешти.

Мирлан Мурзаев 1990-жылы Баткен районундагы Сүлүктү шаарында төрөлгөн. 1994-жылы үй-бүлөсү менен Кара-Балта шаарына көчүп келген. Футбол карьерасын ушул шаарда баштаган. Анын чоң апасы орус улутунан болуп, турмушка чыгарда ислам динин кабыл алган. Мирлан үй-бүлөдө үч бир туугандын эң кичүүсү. №12 орто мектепте окуп, 1-классында футбол боюнча машыгууга бара баштаган.

Атасы Абдраим Мурзаевдин айтымында, баласы окууга эмес, спортко көп көңүл бурчу.

«Мугалимдер Мирланды сабакка каалаган убагында келип кеткен «профессор» деп айтып калышчу. Анын начар окуганынан улам ата-энелердин жыйналышына дагы көп чакырышчу. Мирлан 10-класста окуп жүргөндө машыгууларга катышып, сабакты көп калтырганы жана начар баалары үчүн мектептен чыгарылган экен. Ал аны бизге айтпай, өзү №5 орто мектептин директору менен сүйлөшүп, ал жака которулганда билгенбиз. №5 мектеп орус тилдүү болгондуктан аны мектепке алгылары келген эмес, анткени ал 10 жыл бою кыргыз мектепте окуган эле. Бирок Мирлан мектептин директорун ынандырып, ошол мектепке которулган экен. Биз аны кийинчерээк билдик. Ошентип мектепти аяктап, кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алды.

Уулум мектептеги сабактардан начар окуганы менен машыгып жүргөн футболдо ийгиликтерге жетишти. Алгач өспүрүмдөр арасынан жаштардын курама командасына андан кийин Кыргызстандын улуттук курама командасына кирип ойноп баштады», - дейт Абдраим Мурзаев.

Ал Азия кубогунун алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) беттешинде уулу алгачкы гол киргизгенде абдан сүйүнгөнүн айтат.

«Оюнду түз эфирде көрүп отурдук. Ал атаандаштарынын дарбазасына гол киргизгенде абдан сүйүндүк. Ал жараат албай, аман-эсен келсе экен деп тиледик», - дейт футболчунун атасы.

Мирландын Елена аттуу жубайы жана 6 жаштагы кызы бар.

Мирлан Мурзаев Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексининде тарбияланган. Аны бир нече ири футболдук клубдар кызматташууга чакырган. Келишимдин негизинде ал учурда Кыргызстандын курама командасынын жана «Сомаспор» түрк клубунун чабуулчусу. 2007-жылдан баштап 2010-жылга чейин «Дордой-Динамо» клубун коргогон. 2010-жылдын кыш айларында Москвадагы «Локомотив» клубунда ойногон. Мындан тышкары, 2011-жылы Израилдеги «Хапоэл» курамасында, 2012-жылы «Дордой» клубунда ойногон. 2014-жылдын январь айынан тарта «Денизлиспор» түрк клубунун атынан да чыга баштаган.

Мирлан Мурзаев Кыргызстандын 5 жолку чемпиону, 2013-жылы Кыргызстан чемпионатынын күмүш медалын алган, Кыргызстан кубогунун 3 жолку женүүчүсү. «Кыргызстан - 2013» кубогунун финалисти, 2007-жылы АФК президенттин кубогунун жеңүүчүсү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×